Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуАламүдүн району 13.08.2019 10:17 На русском

Жаш талант: Кытайдагы чемпионатта коло тагынган дзюдочу Муса 4 мамлекетке барып келди

Turmush -  Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн Азия жана Океания чемпионатында дзюдо боюнча коло медаль алган Муса Шабданбеков Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылындагы Тойчу Актанов атындагы Кашка-Суу орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Ал бир топ жылдан бери спорт менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен спорт менен 2012-жылдан бери машыгып келем. Бир дос балам машыкчу. Залды бир көрөйүнчү деген ой менен аны ээрчип барып эле ошол бойдон калып калдым. Азыр спортсуз жашоомду элестетүү кыйын. Ошол биринчи барган күнүм такыр эсимден кетпейт. Балдардын шамдагай машыккандарын, бири-бирин эптүү кармап, ыгы менен көтөрүп чапканын жана башка ыкмаларды көрүп алып бир чети келгениме толкундансам, бир чети буга чейин спортко келбей жүргөнүмө уялып кеткем. Ошол сезимдер азыркыга чейин унутулбайт.

Келечекте элимди дүйнөгө тааныткан мыкты спортчу болсом деген тилегим бар. Менин бир күндүк эрежем төмөнкүдөй: эртең менен эрте ойгонуп, спорт залга жөнөйм. Ал жактан машыгуум бүткөн соң мектепке барып билим алам. Окуудан келгенден кийин үйдөгү жумуштарга жардам берип, кечке маал кайра спорт залга жөнөйм», - деди ал.

Ал спорттун арты менен төрт мамлекетке барып келди.

«Ушул спорттун арты менен Түркияга, Казакстанга, Өзбекстанга жана Кытайга мелдештерге бардым. Быйыл Азия жана Океания чемпионатында 50 кг салмакта чыгып, коло медаль үчүн моңголиялык спортчу менен беттешкем. Анда 3-орунду багындырдым. Ушул эле жылы республикабызда өткөн мелдештерде алдыңкы орундарды алдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×