Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусуСокулук району 12.08.2019 18:02 На русском

«Улуусу унаа алдында калбаганда 11 балабыз болмок»: 3 эмдүү болгон үй-бүлөнүн баяны

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Алексей Томилов менен Олеся Томилова аталган райондогу эң көп балалуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт. Алар ушул жылдын 29-июлунда 3 эмдүү болушкан. Алардын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

43 жаштагы Алексей Томиловдун айтымында, 5 кыз жана 5 уулдун атасы.

«Бактылуу үй-бүлөбүз. Жубайым Олеся экөөбүздүн 10 балабыз бар. Анын бешөө кыз болсо, бешөө уул. Ушул жылдын июль айында жубайым операция жолу менен 3 эм төрөдү.

2007-жылы 29-октябрда биздин үй-бүлөдө кайгылуу окуя болгон. Улуу балам Эдуард унаа алдында калып каза болду. 1-класста окучу. Спорттун каратэ түрүнөн кара курга ээ болгон. Ошол каргашалуу жылдын жай мезгилинде таэквондо боюнча мелдешке барып, 1-орунду багындырган болчу. Күз айында бизди таштап кетти», - деди ал.

Көп балалуу ата жубайы менен Өзбекстанда таанышкан.

«Өзүм Россияда төрөлүп, ошол жерде өскөм. 1995-жылы Өзбекстандын Карши шаарына көчүп бардым. Ал жактан жубайым менен тааныштым. Анда ал 11-классты жаңы аяктап жаткан кези болчу. Ошентип Олеся экөөбүз баш кошуп, уулум Эдуард менен кызым Кристина жарык дүйнөгө келди. 1998-жылы Кыргызстанга көчүп келип, Сокулук районунун Сокулук айылында отурукташып калдык. Бул жактан 4 кыздуу жана эгиз уулдуу болдук. Анан минтип быйыл балдарымдын артынан 3 эм жарыкка келди.

Мен ар түрдүү жумуштарда жалданып иштейм. Тапкан-ташыганым батирдин ижара акысына, коммуналдык төлөмдөргө кетет. Мындан сырткары 2 күндө бир үч эмге 538 сомдук атайын балдар тамагын, памперс жана башкасын сатып алып жатам. Жер тилке бөлдүрүп алуу боюнча жергиликтүү бийликке көчүп келген жылдан бери 9 жолу кайрылдым. Мамлекеттен 2015-жылга чейин эч кандай жардам болгон жок. 2015-жылы Сокулук районунун акимине жолуккандан кийин ал социалдык кызматкерлерге 3000 миң сом жөлөк пул берилсин деген тапшырма берген. 2016-жылы эгиз уулдарыма тез арада операция жасоо керек болду. Ошого 50 000 сом насыя алганбыз. Ошондо жөлөк пулдан бизди кайра ажыратып коюшкан. 3 эм төрөлгөндөн кийин президентке кат менен кайрылдым. Анын натыйжасында жашы жете элек сегиз баламдын ар бирине 810 сом жөлөк пул чектелди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сентябрь айынан баштап төлөнө баштайт деп билдиришти», - деди ал.

Томилов жеке турак үйгө жетпей келгенин айтат.

«Ушунча көп бала менен батирлеп жашаган өтө эле ыңгайсыз. Бир балалуу үй-бүлөлөр муну жакшы билсе керек. Өзүбүздүн турак үйүбүз болсо деп кыялданабыз. Өткөндө өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С.Волкова, Сокулук районунун акими А.Сатыбалдиев, Крупск айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эдигеев келип, ал-абалыбыз менен таанышып кетти. Ошондо мага жер тилке берүү боюнча сөз берип кетишкен. Бул да болсо жакшы жаңылык. Бирок жер тилкесин бергенден кийин ага мен кантип үй курам деген түйшүктүү ойду ойлонуп турам. Тапкан-ташыганым балдардан артпайт. Ушул жагынан да жардам болсо деген тилегибиз бар.

Ошол жолугушууда С.Волкова облус башчысынын атынан 20 миң сом, Ж.Эдигеев 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле Сокулук айыл өкмөтүнөн 15 миң сом, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан 10 миң сом бөлүнгөн», - деди Томилов.

Үй-бүлөнүн мүчөлөрү:

- 1997-жылы төрөлгөн улуу кызы Кристина (кароолчу болуп эмгектенет);
- 2002-жылы төрөлгөн Виктория (9-классты аяктады);
- 2010-жылы төрөлгөн эгиздер — Юрий менен Дмитрий (3-класс);
- 2012-жылы төрөлгөн Каролина;
- 2015-жылы төрөлгөн Ангелина;
- 2017-жылы төрөлгөн Руфина;
- 2017-жылы төрөлгөн жээн небереси Ирина Томилова;

Ал эми 29-июлда жарыкка келген 3 эмге жубайлар Рувим, Павел, Ирина деген ысымдарды тандашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×