Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусу, Токмок 12.08.2019 17:05

Токмокто 57 млн сомго төрөт бөлүмүнүн жаңы имараты курулууда

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаардык аймактык ооруканасынын акушердик-гинекологиялык бөлүмүнүн жаңы имараты курулууда.

10-августта имараттын капсуласын салуу аземи белгиленди. Ага шаар башчысы Данияр Амангелдиев, шаардык кеңештин төрагасы Тилек Солтобаев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Саламаттыкты сактоо боюнча Чүй облустук бөлүмүнүн координатору Бактыгүл Мамытова жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, жеке демөөрчүлөр катышты.

Мэриянын берген маалыматы боюнча, имарат 1002 чарчы метр аянтка эки кабаттуу болуп 57 млн сомго курулат. Анда заманбап талаптарга жооп берген палаталар, 3 төрөт залы, операциялык бөлмө, ымыркайларга интенсивдүү терапия палатасы, медициналык персоналдар үчүн бөлмө, лифт жайгашат. Ошондой эле имаратты куруп жаткан жеке демөөрчүлөр тарабынан медициналык жабдыктар, жумшак жана катуу инвентарлар алынып келет.

Курулуш иштери 2020-жылы аяктап, жаңы имарат апрель айында пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×