Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 12.08.2019 10:27

Ысык-Атадагы таштанды жай өрттөнүп, айылдарды кара түтүн каптады. Видео

Turmush -  Кечээ, 11-август түнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айыл өкмөтүнүн Гагарин айылындагы акыр-чикир таштоочу жайдан өрт чыгып, анын кесепетинен айылдарды кара түтүн каптады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Кара түтүн бир гана Гагарин айылын эмес, башка айылдарды да каптады. Жада калса Кант шаарына чейин келип жатат. Бул жерге райондогу акыр-чикирлер төгүлөт», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×