Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуКемин району 11.08.2019 11:48

Кеминде 1 миңден ашуун адам Курман айт намазын окуду

Turmush -  Бүгүн, 11-августта Кемин шаарынын борбордук мечитинде Курман айт намазы окулду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, алгач мечиттин имамы Саясат ажы чогулган жергиликтүү тургундарга Курман айт майрамында курмандык чалуунун эрежелери туурасында айтып берди. Андан соң Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиев элди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Андан соң Курман айт намазы окулуп, ага болжол менен 1 миңден ашуун адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×