Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуСокулук району 08.08.2019 15:53

Сокулукта каралбай калган эски мончо тигүү цехине айланды

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында 40 кишиге жумуш орун түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Жекшенов билдирди.

«Жумуш ордун түзүү үчүн мунициалдык эски мончону жеке инвесторлорго иштетип туруу үчүн бердик. Ал жерде эми тигүү цехи иштейт. Мончо СССР мезгилинде, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында иштеп жүрүп, кийин токтоп калган. Анысы аз келгенсип тонолуп, талкаланып да кеткен. Биз эски имаратты жөн эле бош койбой, жеке инвесторлорго берип, жергиликтүү тургундарга жумуш ордун түзүп бердик. Инвесторлор акыркы 2 айдын ичинде талкаланып, тамтыгы чыккан эски имаратты оңдоп коюшту», - деди ал.

Жаңы-Жер айылында 6 миң киши жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×