Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуСокулук району 07.08.2019 11:37

Уктап жаткан Айнураны зордуктоого аракет кылган кишини агасы кармап калган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда зордуктоого аракет кылган кишиге козголгон кылмыш иши боюнча материалды райондук сот карап чыгып, чечим чыгарды.

Айыпталуучу — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1985-жылы туулган тургуну Элмирбек [ Т.Э., аты өзгөртүлдү], үй-бүлөлүү, буга чейин соттолгон эмес, убактылуу иштебейт. Военно-Антоновка айылында убактылуу жашайт. Ага КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 39-161-беренелери (Кылмышка аракеттенүү, зордуктоо) боюнча айып тагылган. Ага камакка алуу баш коргоо чарасы каралган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Элмирбек 31-майда саат 08:30 чамасында Военно-Антоновка айылындагы үйлөрдүн бирине кулпусун сындырып кирип, уктоочу бөлмөгө барган. Ал чечинип, бөлмөдө уктап жаткан Айнураны [Т. кызы А., аты өзгөртүлдү] зордуктоого аракет кылган. Бирок аял ойгонуп кетип, ага каршылык көрсөткөн. Элмирбек качып кетүүгө аракет кылганда жардамга келген Айнуранын агасы аны кармап калган.

Сотто жабырлануучу тараптын өкүлү билдиргендей, айыпталып жаткан жаранга эч кандай доо жок экендиги боюнча тосмо арыз жазылган. Мындан улам жактоочу аталган кылмыш ишти токтотууну өтүнгөн.

Сот иштин материалын карап чыгып, кылмыш ишин токтотуу жана Элмирбекти кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу өтүнүчүн канааттандырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×