Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусуМосква району 06.08.2019 08:53

Ууру кыздын көз жашы: Погончон айым А.Жумабаева кылмыш жасаган өспүрүмдөр өздөрүн кандай алып жүрөрүн билет (сүрөт)

Turmush -  Милициянын капитаны болгон 29 жаштагы Аделя Жумабаева Москва РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы погончон айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чүйдүн Беловодск айылында төрөлгөн. 2012-жылы ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясын бүтүргөн. Окуу жайды бүткөндөн бери кичи мекенинде эмгектенип келет.

Атам менен апам таң ата электе жумушка кетишчү

Балалык күндөрүм кичи мекенимде өттү. Кадимки эле кыздардай ата-эне, мектеп тарбиясын көрдүм. Биз 4 бир тууганбыз. Атам Бактыбек айдоочу, апам Гүлмира соода-сатык тармагында эмгектенген. Бүгүнкү күндө да ошол жумуштарын аркалашат. Атам менен апам таңкы саат 4:00 чамасында жумушка кетип, үйгө кеч келишчү. Ошондо да биздин окуубузга дайыма көз салышчу. Көрсө ата-эне бала үчүн күнү-түнү иштөөгө даяр тура. Бизди эч нерседен кем кылбай өстүрүштү.

Мектепте орус класска бардым. Бала бакчаны көргөн да эмесмин. Орусча окууда кыйналдым. Өзгөчө математика сабагы жүрөгүмдүн үшүн алып турчу. Бирок өтө тырышчаактыгымдан улам мектепти 4-5 деген баалар менен аяктагам.

Кесип тандоо

Мектепти аяктаган соң кесип тандоо, билим алуу аракеттери башталды. Жаш кезимде чач жасалгалоочу болууну самачу элем. Апама айтсам «аны кыска мөнөттүү курстардан деле үйрөнүп аласың. Жогорку билимдүү болушуң керек» деген. Кийин ИИМдин академиясына ээрчитип барды. Таза, жарашыктуу кийинген курсанттарды көрүп, ал жерден билим алууга апама макулдугумду бердим. Академияда окуп жүргөндө дене тарбия сабагында алдыңкы кыздардан болчумун. Кол күрөш боюнча мелдештерге катышкам.

Ата-энем таң эрте жумушка кетишкени күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Ошолорду эстеп, аларга өмүр бою карыз экенимди сезип келем. Жумушта ак иштеп, маңдай тер менен эл алкышына ээ болууга аракеттенем. Ал эми чач жасалгалоону дагы эле жакшы көрөм.

Кызым бакытым

Бош мезгилде 5 жаштагы кызым Жылдызды ээрчитип, ата-энеме, туугандарыма, кесиптештериме барам. Кызыма жомок китептерди окуп берем. Эртелеп бала бакчага барабыз. Кечинде чогуу келебиз.

Актанып көп сүйлөгөн адамда кылмыштын белгиси болот

Жогорку окуу жайды 2012-жылы бүтүргөн соң өз кесибим боюнча иштей баштадым. Алгач жетекчибиз мектепке жөнөткөнү эсимде. Барып алып жумушту эмнеден, кандай баштоону билбей турдум. Мектеп, мугалимдер, окуучулар менен таанышып эле жүрдүм. Жаш өспүрүмдөр арасында да кылмыш болобу деп ойлочумун. Ошондой күндөрдө 6-класстагы кыздын чөнтөк телефону жоголгону жөнүндө маалымат алдык. Мектепке тажрыйбалуу аймактык тескөөчү, милициянын капитаны К.Өмүркулов менен бирге бардым. Шектүү делген бир топ окуучулар менен аңгемелештик. Бир кыз жан-алы калбай бизге жардам көрсөтүп жатты. Ар кимдин атын айтып, «ушул алган, тиги уурдаган болушу керек» деп безилдейт. Бир топтон кийин кесиптешим «телефонду бизге жардам көрсөтүп жаткан кыз уурдаган» десе болобу. Ал баарын ачык айтып, ууруну табууга көмөк көрсөтүп жатса... Таң калдым.

Ал кыз менен экинчи ирет да аңгемелештик. Актанып көпкө сүйлөдү. Сүйлөп жатканда үнү каргылданып, муундары калчылдап, кыш мезгилине карабай тердеп турду. Ар кимге мүнөздөмө да берип жатты. Кесиптешим аны менен сүйлөшүп жатып, «телефонду сен алгансың, алып келгин» дегенде жооп айта албай, айыбын мойнуна алды. Коркконунан ыйлап жиберди. Мен да коркуп кеттим. Кийин кесиптешимден «сиз ал кыз алганын кантип билдиңиз?» десем «бул психологиялык тажрыйба» деп койгон. Ошондо баарын түшүнө баштадым. Көрсө жаш өспүрүмдөр менен иштөөдө балдар психологиясын мыкты билүү керек экен. Ал кыз актанып көп сүйлөп, бизди адаштыргысы келди. Экинчиден, үнү буулуп, жүзүнөн тер акты. Акырында сөздөрү иретсиз болуп, көз карашы өзгөрө баштаган. Ошентип улуулардан тажрыйба алып, көптөгөн кылмыштын бетин ачтым. Эми өзүм жаңыдан келген жаштарга бул тажрыйбаны үйрөтүп келем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×