Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуМосква району 04.08.2019 10:30

Беловодск айылында көп кабаттуу үйлөргө кирүүчү жолдор асфальтталып жатат

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылынын Ленин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөргө кирүүчү жолдор асфальтталып, айрым көчөлөргө жол чырактар коюлуп жатат.

Маалым болгондой, аталган иштер айыл өкмөт тарабынан каржыланууда.

«Көп кабаттуу үйлөргө кирүүчү жолдор СССР учурунда асфальтталган экен. Эгемендүү болгондон бери кайрадан оңдоо иштери жүргүзүлбөптүр. Айыл өкмөттүн аракети менен ал жумуштар колго алынды. Учурда көп кабаттуу 16 үйгө кирүүчү жолго асфальт төшөлүүдө. Анын жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт. Ар бир үйдүн кире бериши жарыктандырылды. Шевченко, Пушкин көчөлөрүнө 60тан ашуун жол чырактар коюлду. Бул Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылындагы негизги жумуштардын бири», - деди жергиликтүү кеңештин депутаты Максат Иманбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×