Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 02.08.2019 17:53

Медербек Чынарбеков Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Бүгүн, 2-августта Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, шайлоого 19 депутат катышып, анын ичинен 17 депутат Медербек Чынарбековго добуш беришти.

Сокулук райондук аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, айыл өкмөт башчылыгына эки талапкер катталган.

- Чынарбеков Медербек Чынарбекович 1991-жылы Гавриловка айыл аймагынын Жангарач айылында туулган. Буга чейин ушул айыл өкмөттүн убактылуу башчысы болуп иштеген;

- Эшматов Аскат Токтобекович 1985-жылы Кайназар айыл аймагынын Белек айылында туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×