Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 02.08.2019 14:06

«Тунук курулуш» ишканасы Таласта өтүүчү Көчмөндөр оюндары үчүн заманбап ат майдан куруп жатат. Сүрөт

Turmush -  Талас облусунда быйыл сентябрь айында өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына карата Талас шаарынын эски ат майданы бузулуп, жаңысы курулуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, курулуш иштерин 20-июлдан баштап «Тунук курулуш» ишканасы жүргүзүүдө. Ат майданда бардык шарттар заман талабына ылайык жасалып, автоунаалар токтоочу жайлары да болот. Оюндарды өткөрүүгө бардык шарттар каралып, түнкү чырактар да орнотулат. Ат майдан 5-сентябрда пайдаланууга берилет.

Улуттук көчмөндөр оюндары кыргыз элинин каада-салт, үрп-адатын даңазалоо максатын көздөйт. Ага республикалык масштабда даярдык көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×