Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЖайыл району 02.08.2019 12:39

Жайылда 4 тонна кара куурай жок кылынды

Turmush -  Жайыл РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Ак-Башат жана Сосновка айыл аймактарында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча рейд жүргүзүлдү.

Жайыл районунда «Кара куурай» рейди жыл сайын уюштурулат. Максаты — кара куурай өскөн аянттарды аныктап, аларды жок кылуу.

Бул жылы Ак-Башат айылында 3 гектар жерден 2,5 тонна жана Сосновка айылында 2 гектар жерден 1,5 тонна кара куурай жок кылынган. Жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча профилактикалык иштер курамына айыл инспекторлору жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү кирген атайын комиссия менен биргеликте өткөрүлдү.

«Чүй облусунун аймактарында кеңири тараган кара куурай баңгизаттын арзан жана негизги өндүрүү булагы болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×