Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЖайыл району 02.08.2019 11:50 На русском

Жайылдын тургуну «сүрдүү» эски тыйын таап алды. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун тургуну эски тыйын таап алган.

Сосновка айылынын тургуну Бакыт Шаршеналиевдин айтымында, эски үйдү бузуп жатып полдун алдынан тыйын тапкан. Ал бул тыйын көп жыл мурун ушул жерге түшүп кетсе керек деп божомолдогон. Андан соң Бакыт Чүй өрөөнүн изилдеп жүргөн тарыхчы Максим Клименкого кайрылган.

«Бул совет доорунда колдонулган 5 тыйын. Совет мамлекетинин эң биринчи акчалары ушундай болгон. Тыйындын диаметри 40 мм, жоондугу 3,8 мм болот. Сүрдүү да көрүнөт. Жез эритмесинен жасалган. Бир тарабында «5 тыйыны» жана «1924-жыл» деген жазуусу, ал эми экинчи тарабында Совет өлкөсүнүн герби тартылып, «СССР. Бардык өлкөлөрдүн пролетарийлери бириккиле» деген жазуу бар.

Бул тыйынды дат басып, жерде 80 жылдан кем эмес жаткан. Албетте, тарыхты баалаган, сүйгөн адамдар үчүн бул табылга өтө баалуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×