Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуСокулук району 02.08.2019 12:04

Чүйдөгү айылдарда 56 гектар аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында 20 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында дагы 20 гектардагы куураган чөп күйдү.

Панфилов районунун Эфиранос жана Вознесеновка айылдарынын ортосундагы ачык аянтта 10 гектардагы куураган чөп өрттөндү.

Жайыл районунун Калдык айылында 3 гектардагы куураган чөп күйүп кетти.

Аламүдүн районунун Арчалуу айылында ачык аянтта 2 гектар куураган чөп жана таштанды өрттөндү.

Панфилов районунун Каптал-Арык айылында Каптал-Арык мектебинин аймагында 1 гектардагы куураган чөп өрттөндү. Учурда аталган кырсыктардын себептери такталып жатат.

Токмок шаарындагы автобекеттин аймагындагы дүкөндүн 4 чарчы метр шыбы, 4 муздаткыч жана азык-түлүктөр күйүп кетти. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан улам чыккандыгы такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×