Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуСокулук району 01.08.2019 14:51

Сокулуктун Жаӊы-Жер айылынын кире беришине 10 жылдыктар 170 миӊ сомго арка орнотушту

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө 170 миӊ сомго арка жасап орнотушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

«Жаӊы-Жер мектебинин мындан он жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрү айылдын кире беришине арка орнотуу үчүн 170 миӊ сом чогултушту. Ал эми айыл өкмөт тарабынан документтер боюнча көмөк көрсөтүлдү», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Ошондой эле аталган айылдагы жараксыз абалда калган 2 аялдама жеке демөөрчү тарабынан жаңыланып жасалды. Аталган аялдамалар союз мезгилинен бери каралбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×