Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуКемин району 01.08.2019 10:36

Чүйдүн Коңур жайлоосундагы малчылардын балдары жайкы эс алууну кантип өткөрүп жатат?

Turmush -  Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн Коңур жайлоосунда «Ынтымак» балдарды өнүктүрүү борбору иштеп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган борбор 15-августка чейин иштейт. Анда малчылардын 20 баласы эс алууда.

Кечээ, 31-июлда Кичи-Кемин айыл өкмөтү менен жайыт комитети «Ынтымак» борборунда ачык эшик күнүн уюштурушту. Иш-чарага облус жетекчилиги баш болгон чиновниктер катышкан. Медицина кызматкерлери балдарды кароодон өткөрүп, жайлоодогу борбордо бөбөктөр үчүн сынактар, оюндар уюштурулууда. Тигилген боз үй менен мугалимдердин айлык акысын айыл өкмөт жана жайыт комитети каржылайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×