Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуКемин району 01.08.2019 08:07

Кеминдин Жаӊы-Жол айылында 2,2 млн сомго курулган ФАП ачылды

Turmush -  31-июлда Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнө караштуу Жаӊы-Жол айылында жаңы ФАПтын ачылышы өттү.

Маалым болгондой, ФАП Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен салынып, жалпы суммасы 2 млн 147 миӊ сомду түзгөн. Керектүү эмеректер жана жабдыктар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан камсыздалган.

Иш-чарага өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Волкова Светлана Борисовна, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Шаршеналиев, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин координатору Бакытбек Абдылдаев катышып, жергиликтүү калкка каалоо-тилектерин айтышты. Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Темирлан Мамбеталиев көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Буга чейин Жаӊы-Жол айылында ФАП жок болгондуктан жергиликтүү эл коӊшу айылдарга барып, калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө ыӊгайсыздык жаралып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×