Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуАламүдүн району 31.07.2019 11:35 На русском

Аламүдүндүн Ленин айылында үй, сарай, унаа өрттөнүп, бир адам ооруканага жеткирилди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунун Ленин айылында үй өрттөнүп, бир адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдын Восточная көчөсүндөгү үйдүн жана 2 сарайдын 150 чарчы метр чатыры, сарайдын ичиндеги «Опел» унаасы толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган С.А. аттуу адам жабыркап, №4 ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×