Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуПанфилов району 31.07.2019 10:20

Шыптан тамчы өтүп, мештен ыш чыккан жайда иштеген дарыгерлердин эстен кеткис күндөрү

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айыл аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имарат 1966-жылы курулган. Акыркы жылдары кароосуз калып, шыптан тамчы өтүп, мештен ыш чыгып, айрым бөлмөлөрү жараксыз болгон. Суусу жок оор күндөрдү баштан кечирди. Анда эмгектенген ак халатчандардын жашоо турмушу менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда Вознесеновка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 8 адам эмгектенет. Алар Эфиронос жана Вознесеновка айылындагы 4800дөн ашуун жашоочуну медициналык жактан тейлешет. 53 жылдык тарыхы бар бул имаратта иштөө бир топ түйшүктөрдү жаратып келген. Ошондон улам үстүбүздөгү жылы демөөрчүлөр 8 бөлмөлүү жаңы имараттын курулушун баштаган.

Бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Сагын Жанабилова төмөндөгүлөргө токтолду.

«Бул 7 бөлмөлүү жай эч кандай талапка жооп бербейт. Айласыздан 8 медайым калкты медициналык жактан тейлеп келет. Бишкек—Чалдовар жолунун боюнда жайгашкандыктан айрымдарга көрсөтүүдөн да уялабыз. Акыркы учурда таптакыр кароосуз калды. Жок дегенде дареги да жазылып, көрүнгөн жерге илинген эмес.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеген жердин чатыры эскирип, сынып түшүп жатат. Жамгыр жааганда андан суу өтүп, бөлмөлөргө тамчылап турат. Өзгөчө, таза суу көйгөйү жанды кейитет. Жер алдынан сордуруп алабыз. Кыш мезгили биз үчүн чоң сыноо. Айрым атуулдар ишенбеши да мүмкүн. Ал эми биз үчүн реалдуу чындык. Күн суук боло баштаганда 7 бөлмөнүн бешөө жабылат. Себеби, мештен ыш чыгат. Айрым бөлмөлөрдө түтүн морунан эмес, мештин оозунан буруксуйт. Кышында 2 бөлмөгө дарыгерлер тыгылып араң отурабыз. Сыркоолоп келгендер залдын суугуна чыдабай качышат, байкуштар.

Ушинтип иштеп келе жатабыз. Көп аткаминерлер келишти. Баштарын чайкап кайра кетишет. Биздин колубуздан эмне келмек эле? Ары-бери чуркадык, айлабыз түгөнгөн. 50 жылдан ашык убакыттан бери Эфиронос жана Вознесеновка айылынын тургундары көнүп калышкан. Алар дарегин айттырбай эле таап келишет», - деди ал.

Учурда жаңы имарат курулуп жатат. Ал боюнча: «Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысынын аракети менен демөөрчүлөр табылып, жаңы 8 бөлмөлүү имарат курулуп, иштер бүтүү алдында турат. Бирок өткөн күндөрдү айта жүрүү керек. Кыйын күндөрдө ак халатчандар арманын айтууга адам таппай келишпедиби. Кышында суу чыгара албай, суукка тоңгон күндөр унутулбайт», - деди.

Жаңы имаратты куруп жаткан куруучулардын бригадири 40 жаштагы Асылбек Маматов: «Жаздан бери өз бригадам менен иштеп келем. Чатыры толук жабылып бүттү. Учурда ички оңдоо-түздөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Эшик, айнектери да коюлуп жатат. Баары эле «жаңы мечит дабатчыларга жатаканасы менен курулуп жатыптыр. Жанына оорукана салып жатасыңар. Ушул жашоо мыйзамына туура келеби» дешет. Биз жалданма куруучубуз. Ким кандай иш берсе аткара беребиз. Долбоору бизде эмес да. 5 жумушчу өлкөбүздүн ар жеринен келген. Мен Аламүдүн районунан болом», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×