Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуПанфилов району 30.07.2019 15:37

Дааратканада окуучуну сабаган баланын аттестаттагы баалары оңдолгонбу? Директордун жообу

К.Жуматаев атындагы орто мектеп
К.Жуматаев атындагы орто мектеп

Turmush -  Чүй облусундагы Панфилов районунун Эркин-Сай айылындагы К.Жуматаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттагы баалары оңдолуп берилгендигин ата-энелер аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, 2018-2019-окуу жылындагы айрым бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттагы баалары мектеп директору Тойчубек Өмүралиев тарабынан оңдолгон.

«Мамлекеттик сынактын баалары директор Т.Өмүралиев тарабынан оңдолгону биздин нааразычылыгыбызды жаратууда. 11-класстын бүтүрүүчүсүнүн аттестатындагы бааларды директор өзү каалагандай оңдоп жазып, класс жетекчисинен ведомостту тартып алып, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн. Биз ал окуучуну жакшы билебиз. 9-класстын бир окуучусун мектептин дааратканасына камап алып «эмне үчүн кудук казганга келбейсиң?» деп сабаган. Жабыркаган окуучуну ал жерден классташтары көтөрүп чыгышкан. Ал ооруканада жатып дарыланган. Ушундай окуучуну мектеп жетекчиси колдогон. Мындан башка да 2 окуучунун баалары жогорулатылып коюлганы жөнүндө маалыматыбыз бар. Биз айрым мугалимдерге кайрылсак, «директорго, класс жетекчисине кайрылгыла» дешет. Ал эми класс жетекчиси өз укугун да директорго алдырып салганын билебиз. Директор «бул жерде мен чоңмун. Кааласам мугалимдерди четинен жумуштан айдайм» деп күпүлдөп кирет. Деги, биз балдарыбызды кимге ишенип бергенбиз? Каалаган бааларды коюп, көңүлүнө төп келген кагаздарды бере берсе, келечек кандай болот? Анда балдарыбыз эмне үчүн мамлекеттик сынак тапшырышты? Мындай жоосунсуз көрүнүштү караган адам барбы? Билип-билмексен, угуп-укмаксан болуп, келечек жаштарыбыздын тагдырына кайдыгер карасак атуулдук ар-намысыбыз кайда калат? Албетте, жергиликтүү жетекчилерге шамалдай шуулдаган директор жумасына 2 жолу каттап, эмне отчет берип жүргөнүн да териштирүү күндөр алдыда. Билим берүү министрлиги биздин үнүбүзгө кулак салып, тамырлап бара жаткан терс жагдайлардын тамырын кесүүсү зарыл», - дешет ата-энелер.

Ал эми директор Т.Өмүралиев төмөндөгүлөрдү билдирди.

«2018-2019-окуу жылында мектепти 26 окуучу бүттү. Аттестатты баарына өз мезгилинде тапшырдык. Эч кандай өзгөртүүлөр болгон эмес. Айрым ата-энелер кандай максатта маалымат каражаттарына кайрылып жатканына түшүнбөйм», - деди директор.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулканасынын башчысы Нарынкүл Өзүбекова: «Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Ашыкеев бүтүрүү аттестаттарындагы баалар оңдолбогондугун тастыктады. Ал көзөмөлгө алынгандыгын да билдирди», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×