Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Кара-Балта 29.07.2019 16:43 На русском

«Тарс деген үндү билем...»: И.Абышекиров ден соолугуна балта чабылган күндү эскерди

Turmush -  Илим Абышекиров Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 50 жаштагы тургуну. Ал 1969-жылы Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн. Балалык, окуучулук күндөрү кичи мекенинде өттү. Орто мектепте окуп жүргөндө спортко болгон кызыгуусунан улам Крупская атындагы балдардын спорт мектебинен билим алуусун уланткан. Андан кийин №3 кесиптик техникалык окуу жайдан токар адистигин алган. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал жаштык кезин, кол өнөрчүлүккө, спортко болгон кызыгуусун мындайча эскерет: «Айылдык балдардай эле жетилдим. Спортко өзгөчө кызыктым. Андан да жашоомдогу эң маанилүүсү кол өнөрчүлүккө жаштайымдан машыккам. Атам айылда чоң жыгач уста болгон. Ар дайым жанында алып жүрүп, кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөткөн. Ушул өнөр менин өмүрүмдү коштоп келет. Уулум Билимге эми мен үйрөтүп келем. Экөөбүз ээрчишип устачылык кылсак, тааныштар «Илим менен Билим келе жатышат. Бардык иштерибиз теориялык жактан да тастыкталган болот» деп тамашалап калышат. Ошондой күндөрдүн биринде жол кырсыгына кабылдым», - деди.

Ал күндөрүн өкүнүү менен эскерет.

«Жаз айлары эле. Жумуштан кеч үйгө келдим. Бир аз эс алган соң дүкөнгө азык-түлүк алууга жөнөдүм. Менимче саат 22:30 чамасы эле. Бишкек—Кара-Балта жолунда күнү-түнү автоунаа тынымсыз өтүп турат эмеспи. Түн да кирип калган. Чоң жолдун аркы бетине өтмөкчү болгом. Чырактарын жандырган бир унаа келип токтоду. Мени өтсүн деген мааниде түшүндүм да, жол улай бастым. Ошондо арты жагынан келе жаткан «Жигули» үлгүсүндөгү уруп кетти. Тарс деген үн чыкканын билем, калганын эстей албайм. Бир убакта көзүмдү ачсам райондук ооруканада жатам. Жанымда балдарым, аялым Анара көздөрүнө жаш алып ыйлап алышыптыр. Көрсө жамбашым, кабыргам сынып, баш мээме доо кетиптир», - деди ал.

Жаракат алган Илим Абышекировду ошол замат 1973-жылы туулган айдоочу ооруканага жеткирген. Унаасын милиция кызматкерлери унаа токтотуучу жайга киргизишкен.

«Кырсык экен да. Бир ай жатып дарыландым. Ошондо айдоочу кайра-кайра келип суранганынан тосмо арыз жазып бергем. Арызды алган соң көздөн кайым болду. Өкүнүчтүүсү — бир жолу басып келип, ал-жайымды сурап коюуга да жарабады. 75 жаштагы апам Асанбүбү «кой, балам. Бул бала ушул эле Кара-Балтада жашайт экен. Эси болсо дары-дармектерге жардам берет» деп туруп алган. Эми мен андан акча деле сурабайм. Кудайга шүгүр. Ата жолун улаган кол өнөрчүлүгүм бар. Калыс, Билим, Даниэл, Самуэл аттуу 4 уулум менен кардарларды тейлейм. Апам төрүмдө. Келинчегим Анаранын дасторкону толо. Бирок кээ күндөрү оорум күчөп кеткенде айдоочу эске түшөт. Жок дегенде бир келип, ал-акыбалымды сурап койсо да көңүлүм көтөрүлөт эле. Билмексен, көрмөксөн болуп, кезигише калганда өзүн менден ала качып жүрөт. Эсен болсун. Анын да балдары бар. Жамандык каалабайм, жөн гана адамгерчиликти бийик тутуп келем.

Түрдүү үй эмеректерин жасайм. Бошой калганда итим менен да сүйлөшөм. Алма бактарды сугарып эс алам. Биротоло сакайып кетпейт экенмин. Мезгил-мезгили менен жамбашымдын, кабыргаларымдын сынган жерлери ооруйт. Өзгөчө күн суук мезгил мен үчүн тозок. Башым көп ооруйт. Айта турган ойлорумду, сүйлөгөн сөздөрүмдү, уккандарымды кээде унутуп да калам», - деди Илим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×