Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуКемин району 29.07.2019 12:47

Кеминдеги Белсаз жайлоосунда малчылардын балдары үчүн көчмө китепкана иштеп жатат

Turmush -  Китепканаларда түзүлгөн жайкы борборлордо бөбөктөр үчүн китеп окуу, сүрөт тартуу, көл өнөрчүлүк, балдар оюндары жана башкалар уюштурулууда.

Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнө караштуу Ильич айылынын №6 китепканасынын жаш жетекчиси Гүлайым Турсуналиева китепканасын көчүрүп, Белсаз жайлоосуна малчыларды жана алардын балдарын тейлегени кеткен. 26-июлда көчмө китепкананын иши менен таанышканы Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Курманалиева барды. Китепкана атайын боз үйдө жайгаштырылган.

«Китепканага малчылардын балдары ат менен келип, күнүнө 4 сааттан билим алып, эс алып кетишет. Балдар убактысын кызыктуу өткөрүп, курсактарын да тойгузуп алууга мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Бүгүнкү күндө 15-18 бала келип турат. Ошондой эле китеп окуп, жан дүйнөсүн байытам деген ата-энелер, малчылар да баш багып турат экен. Чоӊдор үчүн гезит-журналдар да бар.

Жаш китепканачы Гүлайым Турсуналиеванын иштегенине 3 жыл болду. Ал мындай көчмө китепкана менен быйыл биринчи жолу чыгып жатканын билдирди. Кийинки жылы китепкананы кеӊейтип, өнүгүү борборун уюштуруу планы бар экенин жана анын ишин үй-бүлөсү толугу менен колдоп, кошо жүргөнүн айтты», - деди А.Курманалиева.

Чүй облусунун Кемин районунда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу иштери уланып, райондун жеткинчектери үчүн июнь айында мектеп алдындагы лагерлер иштесе, июль айында райондогу бардык китепканаларда жайкы лагерлерди уюштуруу иштери тапшырылган. Ишти түзүлгөн план боюнча Кемин райондук мамлекеттик администрациясы көзөмөлдөп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×