Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуАламүдүн району 29.07.2019 11:12

Аламүдүндүн Достук айылындагы көлмөдө адам өмүрү кыйылды

Turmush -  Кечээ, 28-июлда Аламүдүн районунун Достук айылындагы көлмөгө бир адам чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга саат 13:45 чамасында Достук айылында көлмөгө эркек адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Көлмөгө ӨКМден 4 куткаруучу барып, анын денесин алып чыгып, милицияга өткөрүп беришти. Учурда каза болгон адамдын ысымы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×