Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуПанфилов району 27.07.2019 15:33 На русском

72 жаштагы Ш.Азыгалиевди коркуткан жамгырлуу күндөгү окуя

Turmush -  Кезинде Токтогул суу сактагычында ондогон жылдар мастер жана башка кызматтарды аркалаган Шайлообек Азыгалиев 72 жашта. Ал Чүй облусундагы Панфилов районунун Эркин-Сай айылынын тургуну. Учурда Кара-Балта шаарында жеке ишкерлик менен алектенип, багбанчылыкты да өздөштүрүүдө. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Айылдык мектептен билим алып, андан соң Фрунзедеги политехникалык институттун энергетика факультетин аяктаган. Аталган жогорку окуу жайында мугалим болуп да эмгектенген. Өзгөчө, Токтогул ГЭСинде ондогон жылдар бою иштеп, энергетиктердин кесиптик оор күндөрүн баштан кечирген. Аны мындайча эскерет:

«Менимче, 1980-жылдардын жаз айлары эле. Токтогул ГЭСинде мастер элем. Күн санап жамгыр жаап, тоо койнунда жайгашкан Токтогулда иштөө бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Ошондой күндөрдүн биринде нөшөрлөгөн жамгыр адаттан тыш төктү. Бир убакта эки коктунун ичинен гүүлдөгөн добуш менен сел кетти. Таштарды, жыгачтарды кошо агызып, жер сойлоп бара жаткан ажыдаардай эле көрүндү. Анда мен 33 жаштагы жаш жигит элем. Мындай сел толкунун көргөн эмесмин. Бир чети корктум. Суу сактагычты көздөй атырылып эле бара жатат. Жер көчүп, асманды кара булут каптагандай эле болду. Бир оокумда суу сактагычтагы суу чыгуучу жайды толук сел басып, тоодон агылып келген таштар тосуп калганын билдик. Ошондогу кыйынчылык эстен кетпейт. Бүт бригада жана кошумча жардамчылар техникалары менен сел жүрүп, таштар толгон жерге тартылган. Бир ай дегенде араңдан зорго кайрадан калыбына келтиргенбиз. Андагы бүт жаштар күнү-түнү кезметтешип иштегенбиз. Токтогул ГЭСинде иштөө жооптуу. Айрымдар суу сатылып жатат дешет. Ал жерден 1 грамм сууну да агрегаттан агыза албайсың. Ал жердин кубаттуулугу 1 млн 200 миң КВТ», - деди.

Ш.Азыгалиев Токтогулдагы суу сактагычтан соң, Аламүдүн, Жайыл райондорунун электр тармактарында жетекчилик кызматты аркалаган.

«Жеке ишкерликти бекерчиликтен баштаган жокмун. Бул менин тээ балалык мезгилден бери кыялым, үмүтүм эле. Тийиштүү техникалык каражаттарды даярдап, элге керектүү курулуш материалдарын чыгарабыз. Таштаман менен пескоблок өнүккөн Европа өлкөлөрүндө өткөн кылымдарда эле пайдаланылган. Ал эми кыргыз жергесинде акыркы 20-30 жылдарда колго алынды. Сапаты, жарашыктуулугу жана колдонууга ыңгайлуулугу боюнча ылай жумуштарынан бир топ жогору. Ошону менен бирге курулуш материалдарын даярдоочу жайдын бир бөлүгүнө багбанчылык жумуштарды жүргүзөм. Учурда 50 түптөн ашык алма көчөттөрү түшүмүн бере баштады. Алар али жаш болгондуктан жерди үнөмдүү пайдалануу максатында араларына түрдүү жер жемиштерди отургузгам. Балдарым, неберелерим келип, помидор, капуста, бадыраң жана башка теришет. Ошону менен бирге көлөкөсүндө эс алышат. Аларга дыйканчылыктын, жеке ишкерликтин сырларын айтып берем. Кыскасы, жыл бою базардан эмес, өздүк чарбагыбыздан пайдаланабыз», - деди ал.

Шайлообек Азыгалиев 4 баланын атасы. Алар да жогорку билимге ээ болуп, түрдүү кесиптерде эмгектенишүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×