Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуАламүдүн району 26.07.2019 18:24

Аламүдүндө балдардын эмгегин коргоо боюнча рейд өткөрүлүп жатат

Turmush -  Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын балдар менен иштешүү комиссиясынын көрсөтмөсү менен учурда атайын рейд өткөрүлүп жатат.

Аталган рейддин жүрүшүнө Аламүдүн райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Кыштообаева, Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Үсөнов, Аламүдүн районунун үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Бараңбек уулу Адилет, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Аброр Разиков, аймактык тескөөчүлөр Эрик Тейтекеев, Шайырбек Жонотбаев катышты. Рейд учурунда Көк-Жар айыл аймагынын айдоо аянттарында ижарага жер алып иштетип жаткан адамдарга балдардын эмгегин коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары ага тескөөчү Аброр Разиков жолдун жээгинде соода кылып жаткан ата-энелерге жашы жете элек балдардын эмгекке тартылуусу боюнча жеткиликтүү маалымат берди.

Учурда бул рейд райондогу бардык айыл аймактарда айыл өкмөт тарабынан кызуу жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×