Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 26.07.2019 13:33 На русском

«Келин келгенден кийин той аяктайт»: Н.Чоштиева Милянфандагы жашоону айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Милянфан айылынын старостасы Нуриса Чоштиева 5000 кишиге баш-көз болуп, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүм Нарын облусунун Жумгал районунда 1976-жылы 7-октябрда төрөлгөм. Бул күнү Россиянын президенти Путин да төрөлгөн эмеспи. Мен 10 жылдан бери ушул Милянфан айылынын старостасы болуп иштейм. Эл менен иштеген кыйын эле, бирок кызыктуу. Айылдыктардын ар биринин өз арманы бар. Ар бири ар кандай маселе менен кайрылышат. Дунган эли алыска кыз бербейт, келин албайт. Жакын туугандар куда-сөөк болуп алышат. Буларда келин келгенден кийин той бүтөт. Биздики келин келгенден кийин той башталат эмеспи.

Милянфанда 5000 киши жашайт, 30 түтүн кыргыз, 2 түтүн орус, 6-7 түтүн татар, калган 90 пайыз дунгандар», - деди ал.

Ал үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын апасы.

«Жолдошум ушул Милянфан айылынан болот. Экөөбүз мындан жыйырма жыл мурун Бишкек шаарында бир конокто отуруп таанышып калганбыз. Анын берген белектеринин ичинен детектив жазылган китеби эсимден кетпейт. Ошентип бир жыл кыз-жигит болуп баш коштук. Экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрдүк. Кызым турмушка чыкса, уулум мектеп окуучусу. Жолдошумдун адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн жактырам.

Айылга жаӊы келин болуп келгенде көнгөн эле кыргыз тамак-аштарын жасасам, үйдөгүлөр жана башка коӊшулар күлүп калышар эле. Көрсө бул айылдын кыргыздары дагы дунган тамак-аштарын көп жешет экен. Тамакты кашык менен эмес, таякча менен жешет. Биздин үй-бүлө дагы таякча менен жейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×