Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуПанфилов району 26.07.2019 12:10

Чүй облусундагы райондордо 66 гектардан ашык аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти

Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
Өрт. Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Панфилов районунун Вознесеновка айылында ачык аянтта 40 гектар чабылган арпанын орду күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Москва районунун Предтиченко айылында 3 гектар куураган чөп күйгөн.

Панфилов районунун Кайыңды шаарында 1,5 гектар куураган чөп өрттөндү.

Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы тоодо 15 гектар куураган чөп күйдү.

Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы талаада 5 гектар куураган чөп өрттөндү.

Жайыл районунун Ири-Суу айылындагы талаада 2 гектар куураган чөп күйүп кетти. Учурда аталган кырсыктардын себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×