Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 25.07.2019 16:55 На русском

Мээ кайнаткан ысыктан кутулуңуз: Бишкекте +38 болсо, бул жакта +9 градус. Сүрөт

Turmush -  Көл-Төр көлү Чүй облусунун Кегети капчыгайында жайгашкан. Кыргызстандагы эӊ кооз жерлердин бири болгон Көл-Төр тууралуу изилдөөчү Гүлбара Оморова айтып берди.

Анын айтымында, учурда Көл-Төрдө абанын температурасы +9.. +15.. градус болууда.

«Учурда Бишкек шаарында жана башка аймактарда күн абдан ысып жатат. А бирок Кыргызстандын керемет аба ырайы жана табияты бар. Бир жеринде күн ысык болсо, бир жеринде салкын, дагы бир жеринде суук. Биз кеп кылып жаткан Көл-Төр көлүндө суу абдан муздак.

Көл-Төр деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте жайгашкан. Айланасында чоӊ таштар, мөңгүнүн калдыктары (морена) бар. Таш аралаш кыртыш менен жүрүп отуруп 2 саатта мөӊгүгө жетсе болот. Бул өрөөндө көптөгөн тоо текелер оттоп жүрөт. Көл коктунун төрүндө жайгашкандыктан төрдөгү көл деген маанини түшүндүрөт. Кыргызстанда Көл-Төр деген аталыштагы бир нече көлдөр бар. Көл-Төр дегенде төрдө жайгашкан көл жана андан ары башка көл жок деп түшүнсө болот», - деди Г.Оморова.

Бул көл Бишкек шаарынан 90 км алыстыкта жайгашкан.

«Коктунун башталышында конок үйлөр бар. Ал жактан 7 км аралыкта тез бассаӊыз 2 саатта, жай бассаӊыз 3 саатка чейинки убакытта көлгө жетесиз. Бара турган маршрут оӊой, оорчулугу деле жок. Тоого жаңыдан бара баштагандарга ылайыктуу. Ат менен барсаӊыз мындан да тез жетесиз. Көлгө көп адамдар каттагандыктан жакшы тапталган чыйыр жол бар. Жалгыз барсаӊыз да адашпайсыз. Анан да көлдү 40-50 мүнөт айланып, сейилдесеӊиз болот», - дейт изилдөөчү.

Ошондой эле, Г.Оморова мезгилге жараша көлдүн айланасында ар түрдүү гүлдөр өсөрүн белгиледи.

«Токоюнда малина, тоо карагат, ит мурун, кызыл карагат, кара моюл, бөрү карагат, четин мөмөлөрү өсөт. Ошол токойдо козу карындардын көп түрлөрү кездешет. Көлдүн жашыл же көгүлтүр түстүү өңү жана сол жак тараптагы жээгиндеги урчук таштар кооздукту ого бетер тартуулап турат. Мөӊгүдөн агып түшкөн суу көлгө куюп, көз жоосун алат. Көлдүн айланасы тынч, салкын жана тоонун шамалы аралашкан таза абасын сезип турасыз. Суу мөӊгүдөн пайда болгон үчүн муздак жана сууда балык жок, астында кара түстөгү чоӊ-чоӊ таштар бар. Көл-Төр тоонун арасында жайгашкандыктан узундугун так айта албайм, болжол менен чыгыштан батышка 45-50 метрге созулат, туурасы болжол менен 20 метр, орточо тереӊдиги 7-8 метр, бирок жыл сайын суунун деӊгээли мөӊгүнүн эригенине жараша өзгөрүп турат. Кегети коктусунда эки тарапка кеткен 2 жол бар. Анын оӊ тарабында шаркыратма жайгашса, сол тарабында Көл-Төр көлү жайгашкан. Бул коктуда жайгашкан ашуу аркылуу кошуна жайгашкан Туюк коктусуна өтүп кетсе болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×