Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЖайыл району 24.07.2019 15:01

Жан алган кандуу жол жана Көкөмерен суусунан табылбай калган адамдар

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Ой айылы менен Суусамыр айылынын ортосунда өтө кооптуу делген кууш жол бар. Ал жерди тургундар Тоскок деп аташат. Анын жанынан Көкөмерен дарыясы агат.

Айыл тургундары бул жерде белгилер жок болгондуктан жана жолдун тардыгынан жол кырсыктары көп болорун айтышты.

Айжамал Токонова ушул кууш жолдон жолдошу кырсыкка кабылып каза болгонун билдирди.

«Кызыл-Ой айылынан Суусамыр айылына бара жатканда кууш жол бар. Ал Кожомкул айылына бир аз жетпейт. Ошол жолдун жанында Көкөмерен дарыясы агат. Ал жерди биз Тоскок деп коёбуз. Абдан кууш жол болгондуктан көп кырсык болот, адамдар сууга агып кетишет. 2006-жылы ноябрда менин жолдошум Суусамырдан Кызыл-Ой айылына келе жатканда жол кырсыгына кабылган. Унаанын ичинде 4 киши болгон. Алардын ичинен менин жолдошум менен биздин айылдын тургуну Майрамбек деген жигит каза болду. Майрамбектин сөөгү суудан табылбай калды. Ал эми менин жолдошум сууга акпай калган. Себеби бир бутун сылтып басчу. Көпкө отурса ошол буту бүгүлүп калчу. Жол кырсыгына кабылган маалда бүгүлгөн буту унаанын куруна илинип калыптыр. Айдоочунун жамбашы сынып, араң дегенде жакшы болду. Ал эми төртүнчү киши суунун жээгине түшсө керек. Аны ары-бери өткөн унаалардын айдоочулары көрүп калыптыр. Айдоочулар тоңуп калыптыр дешти. Унааны болсо якорь менен араң тартып чыгарышкан. Кышка жакындап калгандыктан суу аз агып жаткан болчу.

Бир жолу дарыяга жол тандабас жүргүнчүлөрү менен кирип кетип, 2-3 күн изделип, табылбай калды. Канчанчы жыл экени так эсимде жок. Унаа суунун түбүндө жатты. Кийин суу тартылганда гана чыгарып кетишти.

Менин жолдошум каза болгонго чейин бир келин менен бир кыз жол кырсыгына кабылып, сууга агып кетишти. Сөөктөрү табылбай калды. Атасы күнүгө келип издеп жүрдү. Айтор, айта берсе мындай фактылар көп эле болгон.

Бул жерге бир чара көрүлбөсө болбойт. Союз убагында галерея салабыз дешкен. Бирок жердин кыртышына туура келбейт, экология бузулат деп салбай коюшкан. Бул жерде арал бар. Дарыянын нугун ошол аралды көздөй эле буруп салыш керек. Ошондо жол кеңейип калмак. Жайдын күнү ал жерде дайыма шагыл таштар кулап турат», - деди ал.

Нурбек Жумалиев 12 жылдан бери Миң-Куштан Бишкекке көмүр ташып иштейт. Ал дайыма ушул кууш жолдон өтөт.

«Мен ушул жол менен өтөм. 12 жылдан бери Миң-Куштан Бишкекке көмүр ташып иштейм. Кожомкул айылына жетпей кууш жол бар. Өтө эле кооптуу. Кышында ал жерден өтүш кыйын. Анысы аз келгенсип ал жерге дайыма көчкү түшө берет. Жол абдан тар болгондуктан бир унаа араң өтөт же тазаланбайт. Тазаланган күндө деле баары бир тар. Биз ал жол менен дайыма каттагандыктан сырын жакшы билебиз. Билбегендер унааны катуу айдап, кууш жолго келгенде токтой албай кырсыкка учурап жатышпайбы. Ал жерде эскертүүчү белгилер жок. Ошол жерге көрүнүктүү кылып чоң белгилерди коюш керек. Кымындай белгилерди эптеп таш менен карматып коюшкан. Анысы көрүнбөй, байкалбай деле калат. Ошону байкабай көп адамдар сууга кулап жатышат.

Бир жолу Тоскокто жолду тазалап жүргөн экскаватор да сууга кирип кеткен. 5 жыл мурун болуш керек. Анда суу тартылып турган кез. Эч ким эч нерсе болгон эмес.

2 жыл мурун кышында Таластан «Жигули» айдап келе жаткан бала сууга кирип кеткен. Ал да жолдун сырын билбей, катуу ылдамдык менен айдаган экен. Ал баладан сурасак «эч ким эч нерсе болгон жок. Буту-колу сынгандар бар. Чаектен тез жардам чакырттык, ошолор келип алып кетишти» деди. Бул окуяны биз өтүп бара жатып көрүп калдык. Айдоочу ары-бери өткөн унааларды токтотуп, жардам сурап жатыптыр. Биз тросторду чогултуп, унаасын суудан чыгарышканбыз», - деди ал.

Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылынын тургуну Кубат Эмилбеков бул кууш жолдон көп жол кырсыгы болорун айтты. Ал жакында, тактап айтканда 30-июнда Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү отурган унаа Көкөмерен суусуна агып кеткенине күбө болгон.

«30-июнда эртең менен Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине айылдаштарым жана балам менен бара жаткам. Кызыл-Ойдун капчыгайынан бир автоунаа биздин унааны ашып өттү. Мен жол берип, артынан 150 метр алыста бара жаткам. Ошол унаа көз алдыбызда эле кумга сайылып, сууга кирип кетти. Башында унаа сууда бир аз калкып турду. Андан кийин суунун ортосуна кирип-чыгып агып баратты. Ошол маалда кызыл футболкачан жигит чыгып, унааны кармап, аны менен чогуу агып бара жатты. Биз «үстүнө чык, үстүнө чык» деп кыйкырдык. Уктубу, уккан жокпу билбейм. Көп өтпөй унаа суунун ичине кирип, көрүнбөй калды. Ошондо ал бала унаадан алыстап, сууга агып кетти. Агып баратып сүзөм деп аракет кылды. Бирок шар суунун агымы сүзүп чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок. Биз артынан суу жээктеп кубалап бараттык. Бала жээкке жетейин деп калганда «бакты карма» деп кыйкырдык. Кайра эле сууга чөгүп кетти. Биз төмөндү карай чуркап жөнөдүк. Карасак унаанын дөңгөлөктөрү, майда-чүйдө буюмдар сууга агып баратыптыр. Суу катуу ылдамдыкта аккандыктан ал бала, унаа тез арада эле көрүнбөй калды.

Ошентип Каракол жайлоосуна бардык. Ал жерде милиция кызматкерлери бар экен. Аларга дароо ушундай унаа агып кетти деп айттык.

Унаанын ичинде 5 адам болгон экен. Негизи эле бул жерден көп жол кырсыгы болот. Биздин айылдан да ушундай кырсык болуп, унаадагы бир адам табылып, экинчиси табылбай калган», - деп билдирди айыл тургуну Кубат Эмилбеков.

---------------------------------------------------------------------------

Ат-Башыдан Суусамырга Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бара жаткан унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору. Ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экинчи жогорку билимин — юриспруденция адистигин алып чыккан.

Эмгек жолун бала бакчада мугалим-тарбиячы катары баштаган. Ош жана Бишкек шаарларындагы жогорку окуу жайларда эмгектенген. 1989-жылдан баштап Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасында, андан кийин ушул эле университеттин алдындагы Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда иштеген.

2003-жылдан баштап Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда жетектөөчү адис, окуу бөлүмүнүн жетекчиси, декан жана башка кызматтарда эмгектенип келген.

- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

Унаадагы 5 адамдын денеси табылып, жерге берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×