Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 18.07.2019 15:00 На русском

«Уялбайсыңбы»: Мэрден тил уккан ишкер жарылган май куюучу жайын кайра иштетип баштады

Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү май куюучу жай
Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү май куюучу жай

Turmush -  20-март күнү Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү турак үйдүн жанында жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыккан. 15-июлда аталган май куюучу жай кайрадан иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин май куюучу жайдын ээсине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана тиешелүү кызматтар тарабынан эскертүүлөр берилген. Ош шаардык мамэкотехинспекциянын курулуш боюнча бөлүм башчысы Осмонкул Курманбековдун айтымында, аталган май куюучу жай эскертүүлөргө карабай өз билемдик менен иштөөдө.

«Биз протокол түзүп, ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча эскертүү бергенбиз. Азыр бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», - деди О.Курманбеков.

Май куюучу жайдын иштеп баштаганына социалдык тармактын колдонуучулары дагы ар кандай пикирлерди жазып жатышат. Айрым колдонуучулар Ош шаарынын мэринин сөзү суу кечпей калганын айтышкан. Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, май куюучу жайдын иштешине башка кызматтар уруксат берип коюшкан.

«Мэр мыйзамдуу түрдө болгон аракетин жасап жатат. Мурда башка кызматтар уруксат берип коюшкан. Май куюучу жайлар менен соттошуу уланууда. Ал эми Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдын ээси мэрди ойлобосо да, нааразы болгон жашоочуларды ойлошу керек болчу. Жасала турчу иштер алдыда. Бул иш соттун чечиминен кийин белгилүү болот. Бүгүнкү күндө 22 май куюучу жай боюнча соттук териштирүү уланууда», - деди А.Абсаттаров.

-----------------------------------------------

Turmush басылмасы жергиликтүү тургундар коомдук коопсуздук үчүн аталган май куюучу жайды толугу менен жабуу боюнча мэрдин атына арыз менен кайрылышканын жазган. Бирок окуя болгондон 3 ай өткөндөн кийин ал жай жабылбай, кайра толугу менен калыбына келтириле баштаган.

Н.Исанов көчөсүндөгү №19 көп кабаттуу үйдүн атын атагысы келбеген тургуну ага май куюучу жайда иштегендердин бири келгенин айткан.

«Бизге май куюучу жайдын иштешине каршы сөз айтпагыла, силер эле каршы болуп жатасыңар. Биз силердин терезеңердин айнегин салып берип, сыналгы алып бердик го. Мен сиздин чет өлкөдө иштеген балаңызды тааныйм деп кандай мааниде айтканын түшүнбөй калдым», - деген жашоочу.

Май куюучу жайдын артында жайгашкан унаа оңдоочу жай өрт чыккан күнү чыгымга учураган. Бирок унаа оңдоочу жайда иштеген усталар ушул күнгө чейин келтирилген чыгымдар төлөнбөгөнүн айтышкан.

«Жарылуу болгон күнү биздин унаа оңдоочу жайыбыз, кардарлардын унаалары жабыркаган. Азыр канча сомдук чыгым келтирилгенин айтуу кыйын. Милицияга да арыз менен кайрылганбыз. Бузулган жерлерди эч ким оңдоп берген жок. Ошол күнү устаканабызга кадимкидей таш жаады. Ал таштар азыркы күнгө чейин ар кайсы жерде жатат. Баарын өзүбүз тазалап, таштандыга чыгарганбыз. Чатырлардын баарын таш талкалап салган. Устакананын бир чети күйүп, ал жерде жумуш жасаганга болбой калган», - дешкен усталар.

26-июнда мэр Т.Сарбашов шаар ичиндеги май куюучу жайдын ээлери менен жолугушкан. Жыйындын жүрүшүндө Таалайбек Сарыбашов Н.Исанов көчөсүндө өрттөнгөн май куюучу жайдын ээсин сынга алган.

Май куючу жайдын ээсимин деген А. аттуу жаран жарылуудан кийин ага эч ким ишти токтотуу боюнча эскертүү бербегенин айткан.

Окуя тууралуу:

20-март күнү Ош шаарындагы Н.Исанов (мурдагы Петров) көчөсүндөгү турак үйдүн жанында май куюучу жайдан өрт чыккан.

Кечки саат 20:15те башталган өрт 22:10до чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркап, 2 бейтап Ош облустук бириккен клиникалык ооруканага жеткирилсе, 1 жаран Ош шаардык ооруканага жеткирилген.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган жай «МАН» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа май куюп кеткенден кийин жарылган жана ага жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынып кеткен.

Өрт чыккан жерге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да барган.

«Мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлар мыйзамдын негизинде каралып, талапка жооп бербегендер алынат. Шаар тургундарынан да кабар алабыз. Жардам керек болсо ар дайым даярбыз», - деген Т.Сарыбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

20.03.2019Ошто май куюучу жайдан өрт чыгып, эркек кишинин бети күйүп калды. Сүрөт
21.03.2019Сүрөт — Оштогу май куюучу жайдагы ири өрттүн кесепеттери
20.03.2019Видео - Оштогу май куюучу жайдагы ири өрт. Жабырлануучулардын абалы кандай?
26.06.2019«Агамсыңбы, инимсиңби, уялбайсыңбы?»: Мэр өрттөнгөн май куюучу жайдын ээсин сындады. Видео
27.06.2019Ошто жарылган май куюучу жайдын ээси өз алдынча оңдоо иштерин баштаган. Тургундар жолду тосууга даяр. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×