Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуМосква району 17.07.2019 09:49

6 жашар баланын аянычтуу өлүмү: Погончон айым Салтанат жумуштагы окуяларын айтып берди

Turmush -  Милициянын ага лейтенанты Салтанат Өмүракунова учурда Чүй облусунун Москва РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык улук тескөөчүсү. Сретенка айылынын тургуну 1986-жылдын 30-апрелинде Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Анын жашоосу, укук коргоо кызматындагы ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, балалык күндөрү кыргыз жергесинин түндүк, түштүк региондорунда өтүп, салттуулук, нарктуулук өзгөчөлүктөрдү, улуттук каада-салт, элдик баалуулуктарды жаштайынан жүрөгүнө түнөткөн.

«Туулган күнүм 30-апрель. Ал эми эртеси, 1-май — Эмгекчилердин эл аралык күнү болот эмеспи. Ата-энем майрамдын алдында кубанганынан атымды Салтанат деп коюшкан экен. Мен өз атыма сыймыктанам. Өмүрүмдү салтанаттуу күндөр коштоп келет. Жумгал районунун Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектепте 3-класска чейин билим алдым. Андан соң атам Шапатбек сот тармагында эмгектенгендигинен Ош облусунун Өзгөн шаарында жашадык. Мен шаардын борборунда жайгашкан Курманжан датка атындагы орто мектептен билим алууну улантып, аны артыкчылык аттестат менен аяктагам. Андан соң Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүрдүм. Балалык жетилүү, окуучулук, студенттик романтикалык күндөрүм кызыктуу окуяларга бай. Көп улуттан турган байыркы Өзгөн жергесинин элинин меймандостугу, эмгекчилдиги сыймыктантат. Кылымдарды карыткан Өзгөн мунарасын таңыркай карап, анын тарыхый таржымалына кызыкчумун. Кээде тарыхчы болуу кыялы да жан дүйнөмдө жашачу.

Окуучулук күндөрүмдө ыр жазып, аны адабий ийримдерде талкуулап, эмнегедир поэзия саптарына жакын элем. Алп акын А.Осмоновдун көп ырларын жатка айтып, көркөм окуй берчүмүн. Азыр да эсимде. Ичимден ыр саптарын кайрып коём. Айрым обондуу ырларды созолонто да ырдайм. Адабиятчы мугалимибиз Абдулкак Аманбаев көркөм дүйнөгө сүңгүтүп, анын сыйкырдуу образына жипсиз байлап алат эле. Ал учурда Москва районунун Петровка айылында жашайт. Кез-кезде учурашып калабыз. Көз айнегин кайра-кайра оңдоп, «Салтанатсыңбы, сени акын болот деп жүрдүм эле. Турмуш башка кесипти тартуулаган тура. Бар бол, кызым! Ыр жаза жүр. Ал сенин жүрөгүңдүн согушун да санап келет» деп тамашалап калат. Агайым 80 жашка кадам салып, картайып калыптыр. Ошол агайымды көргөн сайын мектеп, классташтар, агай-эжелерим эске түшөт. Бөтөнчө, Кара-Шоро жайлоосунун арча жыттуу абасы, дарылык касиети күчтүү суусу дагы да өзүнө тартып турат. Бир кездерде эл душманы аталган Жаныбек казынын асканын чок ортосунан орун алган короо кой бата турган үңкүрү азыр да көз алдымда. Анын тарыхы өзгөчө да, бөтөнчө. Басмачылык жылдарда эл ошол тоо-аскаларда калкаланып, арка-кийигин азык кылып жашап келген тура», - деди ал.

Жогорку окуу жайын бүткөн соң турмуш шартка байланыштуу ата-энеси менен Сокулук районуна көчүп келишет. С.Өмүракунова Ысык-Ата РИИБге жумушка ортношот. Ошондой күндөрдүн биринде уюлдук телефон аркылуу болочок жолдошу Нурдин менен капыстан таанышып калат.

«Демейдегидей эле жумушта элем. Кимдир бирөөгө телефон чалсам бейтааныш адам үн катты. Мен да тамашакөй эмесминби... Сөз менен аны ары-бери «жетеледим». Болбойт. Сөзүмө жооп бербей, мени тузакка түшүрчүдөй. Жиним келип ошондо телефонду өчүрүп салгам. Эртеси дагы чалыптыр. Албай койгом. Күндө чалат. Ошентип жүрүп сүйлөшүп да калдык. Тааныштык. Мага жакты. Көптөгөн айлар сүйлөшүп жүрдүк. Акыры Сретенка айылына келин болуп келдим. Ошондогу жашоо башка дүйнөгө алып келгендей болду. Өмүрүмдө уй саабаган жаным катар байланып турган уйларды көргөндө жүрөгүм оозума тыгылды. Бир колум менен чаканы кармап, экинчи колум менен уйдун эмчектерин тарткылап бир саат турганымды эстесем күлкүм келет. Сааганды билбейм да. Уйдун эмчегин кармап, тартып-тартып коём. Уялам. Уй саап жаткан кайненемди акырын аңдып карайм. Ошого окшоштуруп эптеп бир нерсе жасай бергем. Кээде чыдамым кетип, качып кетүүнү да ойлочумун. Экинчиден, Москва районундагы Сретенка айылынан Ысык-Атага күндө каттап иштегенди айтпайсыңбы.

Таңкы саат 04:30 чамасында жолго чыгам. Менимче аралыгы 100 чакырымга жакындап барат го. 5 жолу автоунаадан автоунаага которулуп жатып, жумушка саат 8:00гө кечикпей жетип барчумун. Баары таң кала беришет эле. Көптөгөн жылдар бою каттап иштеп жүрдүм. Менин тырышчаактыгымды, өжөрлүгүмдү жетекчилер байкаган окшойт. Акырында Москва РИИБге которушту. Өзүм да кыйналып кеткем. Күндүн ысык-суугуна карабай убактымдын көпчүлүк бөлүгүн жолдо өткөрүп жүргөнүм бир топ оорчулук жараткан. Адам баласы баарын жеңсе болот экен. Эң негизгиси өз кесибиңди чексиз сүйүшүң керек. Азыр кудайга шүгүр. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык улук тескөөчүсүмүн. Айылдыктар «Генерал жеңе» деп коюшат. Себеби, айылда погончон айым мен гана. Андан да кызыгы, «102ге баргыла, 102ге чалгыла» деп тамашалашат. Анткени, үйүбүздүн дареги — Ленин көчөсү №102.

3 баланын энесимин. Асема, Раяна аттуу кыздарым, Акимжан уулум чалыгып жумуштан келсем кучак жайып тосуп турушат. Ал эми жолдошум Нурдин үй чарбасынын устаты», - деди ал.

Салтанат айым андан ары сөзүн улап: «Укук коргоо кызматында иштөө сыртынан жөнөкөй, жеңил көрүнгөнү менен бир топ татаал жолдору арбын. Айрыкча, аялзаты көтөрө алгыс да оор жагдайлар түзүлүп калат. Бирок эркектерден кем калышпай ийгиликтерди жаратып келе жаткан азамат кыздарыбыз арбын.

Бир жолу 6 жаштагы бала сууга түшүп кетип, дайынсыз экендиги жөнүндө маалымат алдык. Ошол замат кесиптештер окуя болгон жерге жетип бардык. Шар аккан суу. Суу жээгинде ойноп жаткан бала кокустан буту тайып түшүп кеткен. Ар бир булуң-бурчту суу кечип таңдан кечке карап чарчадык. Бирок кандай болгон күндө да баланы табуу керек эле. Эртеси кайрадан сууга түшүп издөө салдык. Күн жылуу болгону менен суу бутубузду какшатып муздаткан. 2 чакырым аралыкты бүт карап чыктык. Акырында суу тосмонун кичинекей тешигине кыпчылып калган 6 жашар баланын жансыз денесин тапканбыз. Бул окуя мындан бир топ жыл мурда Ысык-Ата районунда иштеп жүргөндө болгон», - деди.

Салтанат Өмүракунова 65 жаштагы Күкүн апасына миң ирет ийилип таазим эткенин айтып келет. Үй-бүлөдөгү 6 бир туугандын эң кенжеси болгонуна карабай ашыкча эркелетпей, талапты катуу коюп, кээде кулагынан чоюп жетилткенине сыймыктанат. Өз ишин теориялык жана практикалык жактан терең өздөштүргөн милициянын ага лейтенанты өзүнө да, өзгөгө да талапты катуу коет жана анын натыйжасын ынанымдуу чыгарат.

Ал 7-июль — Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын күнүндө Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан «Келечек коомдук коопсуздук» төш белгиси менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×