Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 12.07.2019 15:28

Мечитке келимиш болуп, кайыр-садаганы уурдагандар. Видео

Turmush -  Ысык-Ата районунун Милянфан айылындагы мечитте уурдалган каражат мечиттеги фонддун акчасы болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчыга имам билдирди.

«Мечиттеги фонддун акчасын уурдап кетишти. Болжол менен 4 миң сомдун тегерегиндеги каражат бар болчу. Биздин видеокөзөмөлүбүз бар», - деди ал.

Айыл өкмөттөн: «Шектүүлөр кармалды. 21-22 жаштагы эки бала. Талас облусунун тургундары экен», - деп билдиришти.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Ысык-Ата районунун Милянфан айылындагы мечиттеги уурулук боюнча билдирүү таратты. Буга чейин кайыр-садага кутусундагы акчаны уурдап кетишкени маалым болгон.

10-июлда Ысык-Ата РИИБге мечиттеги уурулук боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, күбөлөр суралып, камерадагы видео каралды. Тергөөнүн жүрүшүндө эки белгисиз адам саат 15:00-16:00 чамасында "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа менен келип, мечиттин короосуна кирип кетишкени аныкталган. Алар кутунун кулпусун бузуп, акчаларды алып, белгисиз тарапка качып кетишкен», - деп айтылат маалыматта.

Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Милянфан айылында жайгашкан мечитте кайыр-садага кутусундагы акчаны уурдап кетишкенин «Репортерго» жергиликтүү жашоочу билдирген.

Анын айтымында, мындай окуя бир жумада эки жолу болду. Буга чейин 6-июлда эски мечиттен акча уурдап кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×