Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусуМанас району 11.07.2019 18:26

«Кытайдан болсо да алып кел»: 2 дипломду, 2 балабызды көтөрүп, айылга келип калдык. Сүрөт

Turmush -  Манас районунун Май айылынын 52 жаштагы тургуну Бурулкан Абдрахманова 28 жылдан бери элетте дарыгер болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Сузак районунун Жерге-Тал айылынын кызы. Орто мектепти жакшы баага бүтүрүп, Медициналык институтту 1991-жылы аяктаган.

«Жолдошум Орозбек Абдрахманов менен студент кезде таанышкам. Окуп жүргөндө кыздар балдар менен достошот эмеспи. Биз дагы башка тайпадагы балдар менен достошуп калдык. Алардын арасында менин жолдошум да бар болчу. Ал мени менен жакын мамиледе болуу үчүн атайын дептеримди сурап келе берчү. Көрсө аны ачып да көрчү эмес экен. Аны мага кийин үй-бүлө болуп калганда айтып, күлүп жүрдү. Кайра мен дептеримди сурап барып жүрүп, таластык жигиттин жүрөгүн багындырдым. Ал мени, мен аны жактырдык. Бирок менин үйүмдөгүлөр «жол алыс, убагында келе албай каласың» деп каршы болушту. Апам каршы болсо да «азыр учак деген бар, 45 мүнөттө алып келет. Оштон үйгө 2 саатта жетебиз» дедим. Апам «анда жакшы экен, бат-баттан келип турсаң эле болду» деп батасын берип узаткан.

Ал эми жолдошум тараптан чоң атабыз «Кытайдан болсо дагы өзүңө жакканын алып кел» дептир. Анткени өзү куда түшүп үйлөндүргөн баласы үй-бүлөсү менен жакшы жашабаптыр. Ошондуктан «бактылуу болсоңор эле болду, жолдун алыстыгы эч нерсени чечпейт» деп батасын берген экен. 1989-жылы өзүм жактырган жигитке турмушка чыгып, Таласка келин болдум. Келин келди деп үйгө киргизип жатканда үстүмө чачыла чачышты. Коридор менен көшөгө тартылган бөлмөнүн ортосу алыс болгондуктан бөлмөгө жеткенче апалар чачыла чачышты. Ошондо момпосуйлар башыма катуу тийген. Араң эле чыдап бөлмөгө киргем. Эң бактылуу көз ирмем көшөгөдө отуруу болгон. Албетте жаңы келин келди деген сөз кандай жагымдуу. Өзүм дагы келин алганда өзүмдү эстеп, абдан толкундангам.

Келиндик кызматты 1991-жылдан баштап аткара баштадым. Ага чейин жолдошум экөөбүз окуубузду улантып, окуп жүрдүк. Айылга биротоло 1991-жылы окуубузду бүтүп, 2 дипломду жана 2 балабызды көтөрүп алып келип калганбыз (күлүп). Үй-бүлөгө бат эле аралашып, көнүп кеттим. Айрым сөздөрдөн гана кыйынчылыктар болуп турду. Мисалы, буюмдардын аталышынан көп кыйналдым. Кайын энем «кемегеден бастекти алып келчи» десе эмне болду экен деп издеп жүргөм. Ал «кемегеден алып кел» дегенде түшүндүм. Көрсө бастек дегени чайнек экен.

Ошентип жашоо улана берди. Жолдошум экөөбүз 3 уул, 1 кыздуу болдук. Апам айткандай төркүнүмө бат-баттан каттап жүрдүм (күлүп). 1991-жылдан бери айылда дарыгер болуп иштеп жатам. Жаңы келип иштеп жүргөндө бизге орус кемпирден түнкү саат 24:00 чамасында чакыруу түштү. Баласы шайтан арабага отуруп, мен жөө бардым. Үйү 2 км алыста эле. Ошондо тандаган кесибиме өкүнгөм. Азыр баары жакшы, эл кызматында жүрөм. Жолдошум көп жылдар бою мектеп директору болуп эмгектенди, азыр машыктыруучу болуп иштейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×