Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 12.07.2019 09:36

Айыл турмушу: Акушер-гинеколог Мирлан Ашималиев кесибин кантип тандап калганын айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Мирлан Ашималиев кесибин ойдо жок жерден тандап калган.

Ал 2010-жылдан бери төрөт үйүндө эмгектенип келет.

«Бул кесипти тайпалаштарым менен кокусунан мелдеше кетип тандап калгам. Медициналык окуу жайды аяктап, бүтүрүү кечебизде тайпалаштарыбыз бири-биринен «ординатурага ким каякка тапшырат?» деп калышты. Ар ким өз ойлорун айтып жатышты. Мага кезек келгенде аларды тамашага салып, «акушер-гинеколог болом» деп койгом. Алар «чын элеби?» деп кайталап сураганда «ооба» деп жооп берип койдум. Алар мелдешебиз деп киришти. Сөзүмдү артка алгым келген жок. Мелдешсе мелдешели деп кол алыштык. Негизи мен окулист адистиги боюнча билим алып, окуудан тышкары ушул адистик менен эмгектенип жаткам. Ошентип арадан 1 ай өтүп, акушер-гинеколог боюнча ординатурага бардым. Тез эле өтүп кеттим. Адатта сынак катуу тартипте өтчү. Мисалы артыкчылык диплому бар 20 студент барса, анын экөө гана өтө турган. Мен болсо сынаксыз өтүп, алдыга окушум керек деген максат койгом. Ошентип акушер-гинеколог болуп чыктым. 2 жылдык ординатурамды 6 төрөт үйүнөн бүтүргөм», - деди ал.

Каарманыбыз кесибин жактырарын жана көптөгөн ымыркайлардын дүйнөгө келишине салым кошуп жаткандыгын айтат.

«Тайпалаштарым менен мелдеше кетпегенде окулист болмокмун. Бирок өкүнбөйм. Кесибим өзүмө жагат. Учурда көптөгөн баланын киндик атасы болуп, кызмат кылып келе жатам. Сокулуктагы ооруканадан тышкары Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө да эмгектенем. Ал эми Сокулук районундагы төрөт үйүндө 2010-жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жатам.

Студент кезимде аябай шок элем. Бирок жоопкерчиликти сезип, тытынып окучубуз. Тапшырмага даяр болбой калганда мугалимдерден уруш жебейли деп, сабактан качып кетчүбүз. Андан кийин китепканага барып, тапшырмага даярданчубуз.

Алдыдагы максатым — ак дил, талыкпас эмгек менен элиме кызмат кылсам дейм», - деди ал.

Мирлан Ашималиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1983-жылы төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Атамдын аты Тургангазы, апамдын аты Зинагүл. Өзүм 5 баланын атасымын. Көп балалуу болсом деп тилек кылчумун. Кудайга шүгүр, жубайым экөөбүз 4 уул, 1 кыздын ата-энеси болдук. Кызымдын аты Дениза болсо, уулдарым: Эрбол, Нурбол, Алихан, Адилет», - деди каарманыбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×