Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 10.07.2019 12:59 На русском

Айыл турмушу: Россияда чоңойгон А.Азимова «Мыкты жаш китепканачы» наамын алды

Turmush -  Ысык-Ата районунун Буденовка айылынын 27 жаштагы тургуну Алина Азимова Кочкорбаев айыл аймагынын Буденовка айылдык №1 китепканасынын башчысы болуп эмгектенип келет.

Ал 1992-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунда төрөлгөн.

«Ата-энем Россияда көп жылдан бери эмгектенет. Ошол жактын жарандыгын алышкан. Мындан улам мектепти Россияда окуп, кийин Екатеринбург шаарындагы жогорку окуу жайга тапшыргам. Бирок окуумду толук аяктабай, 3-курсумда күйөөгө чыктым. Ошондо 2014-жыл болчу. Жолдошум Ысык-Ата районунун Буденовка айылынын тургуну. Россияга тааныштарынын сунушу менен тасмага тартылганы барып калган экен. Ошондо таанышып калганбыз. Ал өзү актер деле эмес.

2015-жылдан баштап айылдагы китепканага жумушка кирип, ошол бойдон эмгектенип келе жатам», - деди ал.

Каарманыбыз министрлик тарабынан өткөрүлгөн сынакта «Мыкты жаш китепканачы» наамын жеңип алган.

«Жетишкен ийгиликтерим, алган сыйлыктарым кудайга шүгүр. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өткөрүлгөн «Санарип доорундагы Кыргызстандын китепканаларынын өнүгүү стратегиясы» аттуу китепканачылардын республикалык XI форумунда жигердүү ишмердүүлүгүм жана китепкана ишинин өнүгүшүнө кошкон салымым үчүн «Мыкты жаш китепканачы» наамын алдым. Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан диплом жана 5 миң сом акчалай сыйлык менен сыйландым. Бул сынак китепканачыларга стимул болду. Себеби алардын айлыктары аз жана жаштар бул кесипти тандабайт. Көбү улуу эжелер иштешет.

Райондук сынакта окурмандарымды даярдап, облустук көргөзмөлөргө катышып, өзүмдү көрсөтүүгө, районубуздун атын чыгарууга аракет кылдым. Балким ушулардын баарын эске алып, мени сынакка катыштырышты окшойт. Азыр сыйлыгымды актайын деп болгон аракетимди жумшай баштадым», - деди ал.

Анын жумушунда кызыктуу окуялар көп болгон.

«Жумуш үстүндө көп эле кызыктуу окуялар болот. Жаңы иштеп баштаганда жумушумдагы окуяларды үйдөгүлөргө айтып берсем, жолдошум каткырып эле жатып калчу. «Сенин эмгек жамаатыңда жалаң карыган эжелерби?» деп күлө берчү. Чын эле баары улуу эжелер. Башында мен да аларды кесиптешим деп айткандан уяла берчүмүн. Аларды эжелерим деп койчумун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×