Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуКемин району 10.07.2019 11:14

Токмокто жеңил унаада, Кеминде турак үйдө өрт чыкты

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Токмок шаарындагы тилкесинде жеңил унаа өрттөндү. Окуя Дунларов көпүрөсүндө болгон, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-июлда.

«Пассат Б-З» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру I4804Z) унаадан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Кемин шаарындагы Алоке-Молдо көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Анын чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×