Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЖайыл району 09.07.2019 12:16 На русском

Бүгүн мектепке бара жаткан баланы унаа сүзүп өлтүрдү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жайыл районунун Новониколаевка айылында окуучу баланы унаа сүзүп кетти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бүгүн, 9-июлда болжол менен саат 11:00 чамасында 10 жаштагы бала жолдон өтүп бара жатканда кырсыкка кабылган. Аны ооруканага айдоочу өзү жеткирген. Бирок бала алган жаракаттын кесепетинен көз жумду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуучу чарба жумуштарына байланыштуу мектепке бара жаткан.

Кийинчерээк маркум окуучу билим алган мектеп-гимназиянын директору Т.Шадыканова кызматынан бошотулганын Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Бөлүм башчы Т.Арыковдун сөзүнө караганда, Базистик окуу планында окуучулардын иш практикасы каралган эмес. Бирок аталган мектептин директору Шадыканова тарабынан окуучуларды чарба иштерине тартуу тууралуу буйрук берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×