Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуПанфилов району 08.07.2019 14:32 На русском

Тоого эс алууга барган киши 3 күн бою адашып, ооруканага жатып калды

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында дайынсыз жоголгон тургун тоодон табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, 67 жаштагы тургун 3 сутка ачка жүргөн.

«Тоого барып, эс алып, кайра келем деп кеткен экен. Жайыл районунун Сосновка айыл аймагындагы туннель тарапта жайлоо бар. Ошол жактан адашып кеткен экен. Анын балдары, инилери жана айылдыктар болуп 3 күн тоолорду аралап издедик. Азыр ооруканада жатат. Эс-тутуму жайында. Болгону келген жолун таппай калыптыр. Өзү да тоону жакшы билбейт экен», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×