Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Кара-Балта 08.07.2019 10:33 На русском

К.Бейшембаеваны эки балалуу болуп калганда атчан таластык жигиттер эмне үчүн кубалашкан?

Күлбара Бейшембаева
Күлбара Бейшембаева

Turmush -  Күлбара Бейшембаева Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын 55 жаштагы тургуну. Жайыл районунун Ак-Башат айылында 1964-жылдын 9-майында төрөлгөн. Үй-бүлөдөгү 2 уул, 3 кыздын эң кенжеси. Ошондон улам атасы Асанкул менен апасы Сейне «эрке кызым. Көңүлү майрамдай» дешип, кайда барса да ээрчите жүрүшкөн.

Ошондон уламбы же табигат тартуулаган тубаса талантынанбы, айтор жаштайынан зирек, ыр жандуу болуп өскөн. Учурда Кара-Балта шаарындагы «Чүй ажары» байбичелер тобунда обон созуп, шайыр апалар менен бирге көпчүлүккө таанымал. Ал чыгармачылык, андагы кызыктуу окуялар тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Айыл жеринде жетилдим. Үйдүн кенжеси болгондонбу эрке өстүм. Апам менен атам колдорумдан жетелеп, жанынан чыгарчу эмес. Конокко барганда өзүм теңдүү балдар менен тез тил табышып, кээде аларга ырдап да берчүмүн. Мындайча айтканда, чакан программада концерт койчумун. Туугандардын балдары мага көнүп алышкан. Барганда эле "Гүкү, Гүкү" дешип, көздөрүн кыса сыртка чык дешчү. Мен аларды билип эле турчумун. Балалыгым ошондой күндөр менен өттү.

Мектепти аяктап үй-бүлө күтүп, турмуш жолум уланды. Бирок ички жан дүйнөмдө кандайдыр бир туңгуюкта калган сезим жүрөгүмдө жашап жатты. Ал оболотуп обон созуп ыр жаңыртуу, темир ооз комузда кол ойнотуу эле. Кыскасы, сахнанын сыйкырдуу күчү тартып жаткан. Мен аны билип, сезип эле жүрдүм. Бирок балдарым жаш болгондон улам ошол сезим желечелеринин түйүнүн чечүүгө шарт болбой келген.

Кара-Балта шаарындагы килем комбинатында иштедим. Бир күнү ошол жердеги "Мурас" өздүк көркөм чыгармачылык тобуна кошулдум. Кесиптештерим "Гүкү, кайда жүргөнсүң? Карачы, жарашыктуу кийимиң, суктанткан үнүң, келишкен жүзүң кимдин гана көңүлүн бурбайт" дешип тамашалап калышчу. Айтканы төп келип калса болобу. Ошол чыгармачыл топ Талас жергесине концерт койгону бардык. Айыл аралап өнөрүбүздү тартуулап жүрдүк. Бир күнү концерттен соң автобусубуз менен жатаканага бара жатканбыз. Артыбызды карасак бир топ таластык балдар ат менен кубалап келе жатышат. Айдоочубуз акырындатып "туугандар, тынччылыкпы?" деп кыйкырды. Аңгыча алар жете келишип, Токтогула, "18 жаш", "Чагылган" деген ырды ырдаган сары кызды автобустан түшүргүлө" дешип, баштары менен терезеден мени көрсөтүшөт. Жүрөгүм түшүп, "айда, байке айдаңыз! деп айдоочуга жалдырай кыйкыргам. Ал каткырып күлүп, башын чайкап алды да зуулдатып айдап, жатаканага заматта жеткирди. Келсек кадимки эле эл сүйгөн Нуркан Турсунбаев (Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы) гүл кармап тосуп турат. Алар да гастролго барышкан экен. Кечинде жатаканага топтолчубуз. Окуяны айтып берсек каткырып күлгөн. Анда менин 2 балам бар болчу. Жигиттердин көзүнө жаш көрүнгөн окшойм», - деди ал.

Чыгармачылыкка сүңгүп кире баштаган мезгилинде сахнада үнү буулуп, көздөрүнө жаш алган күндөрүн эскерет.

«Кичи мекеним Ак-Башат айылында концерт коюп калдык. Бул 1992-жылдар болсо керек. Апамдын дүйнөдөн кайтканына 3 жылга чукулдап калган. Сахнада апа жөнүндө ырдап жаткам. Ал ырдагы "Апакем кайда, мен кайда?" деген саптарга келгенде эмнегедир апам көз алдыма тартылып, үнүм буулуп, муундарым калчылдап, көздөрүмө жаш алсам болобу. Залды карасам мага тааныш апалар да жоолугунун учу менен көздөрүн аарчып жатышыптыр. Араңдан зорго ырды аткардым да сахнанын артына өтүп, кадимкидей үн чыгарып ыйлагам.

Көрсө, энени сагынуу сезим бир башкача экен. Эстегенде куса болом. Арбагына багыштап куран окуп келем. Уул-кыздарыма алар жөнүндө көп айтам. Өзгөчө атам касиеттүү адам болгон. Совхоздун айыл чарбасында көп жыл эмгектенди. Жарандардын тамырын кармап, оорусун аныктайт болчу. Бей-бечераларга жардамын аябайт эле. Катуу ооруп төшөктө жатканда дептерге өлгөндө союла турган малды, чакырылуучу адамдарды жазып, жаздыгынын алдына катып койгон экен, жарыктык.

Мен бир жолу сыналгыдан ырдаганымды көрүп калып, "эми сыналгыдан чыкпа, кызым. Биздин салтка туура келбейт" деген эле. Кийин бир топ жыл өткөн соң "туура эмес кылыптырмын. Тек гана өз жайыңа койбоптурмун. Белгилүү ырчы болмок экенсиң. Бирок келечекте ак көйнөк кийип, камчы кармайсың" дечү. Ак көйнөк кийгеним: шайыр апалар менен аппак кийинип ырдап келем. Ал эми камчы кармайсың дегенине түшүнбөй жүрөм», - деди К.Бейшембаева.

Ал 4 баланын, 6 неберенин куттуу төрүндө. Көкүрөгүндөгү жаркыраган «Сахна жылдызы», «Жылдын ардактуу инсаны» төш белгилери өзүнө жарашып турат. 2017-жылдары уюшулган «Айкөл», андан соң «Ак элечек айымдар» тобунун активдүү катышуучусу. Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Сокен айым аны ар дайым мактоого, колдоого алып, чыгармачылыгына канат болот. Өзү да жамаат, чыгармачыл адамдар менен аралашып жүргөнүнө кубанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×