Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуЖайыл району 06.07.2019 19:19 На русском

Көкөмерен суусунан майрамдан кийин дайынсыз жоголгон 3 жаштагы баланын денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 6-июль күнү Көкөмерен суусунан 3 жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылы туулган К.Т.нын денеси Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Кожомкул айылынан саат 16:00 чамасында туугандары тарабынан табылган. Ал 2-июнь күнү Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи май айылында дайынсыз жоголгон. Баланын ата-энеси аны сууга агып кетиши мүмкүн экенин айткан.

Буга чейин Turmush басылмасы Жайыл районунда 3 жаштагы бала изделип жатканын жазган.

Упал в реку

Тургундардын айтымында, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө бир үй-бүлө Бишкек шаарынан Суусамыр өрөөнүнө эс алууга келишкен. Алар 2-июнда Биринчи май айылындагы Жолго деген жерде, тактап айтканда суунун жээгинде эс алып отурушкан. Ошол маалда 3 жаштагы баласын таппай калышкан.

Ушул эле Көкөмерен суусуна 1-июль күнү унаа ичиндеги 5 киши менен түшүп кеткен (башка үй-бүлө).

Turmush басылмасы 4-июлда саат 19:10 чамасында Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусуна үй-бүлө мүчөлөрү жана айдоочусу менен кулаган өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин жээн небересинин денесин табышканын жазган.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, дене Жумгалдын Арал айылындагы Кырчын деген аймактан табылган.

Ат-Башыдан Суусамырга бара жаткан унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору. Ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экинчи жогорку билимин — юриспруденция адистигин алып чыккан.

Эмгек жолун бала бакчада мугалим-тарбиячы катары баштаган. Ош жана Бишкек шаарларындагы жогорку окуу жайларда эмгектенген. 1989-жылдан баштап Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасында, андан кийин ушул эле университеттин алдындагы Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда иштеген.

2003-жылдан баштап Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда жетекчөөчү адис, окуу бөлүмүнүн жетекчиси, декан жана башка кызматтарда эмгектенип келген.

- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

2-июлда саат 17:20 чамасында Көкөмерен суусунун Жумгал районунун Арал айылындагы тушунан унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылган. Ушул эле күнү саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 км алыстан Молдакун Абдылдаевдин денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Унаадагы 2 адам — Молдакун Абдылдаевдин жубайы жана уулу табыла элек.

Молдакун Абдылдаев менен жубайы Тинатин Шадыканова 2 кыз, 1 уулду (эң кичүүсү) өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

01.07.2019Кожомкулдун 130 жылдыгы: Тойго келе жаткан унаа Көкөмерен суусуна түшүп кетти
02.07.2019Тойго бара жатып Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унаа жана дайынсыз жоголгон үй-бүлө
02.07.2019Көкөмерен суусуна аккан унаанын кырсыкка чейинки акыркы мүнөттөрү. Күбөлөрдүн сөзү
03.07.2019Көкөмерен суусуна кулаган унаада Молдакун Абдылдаевден башка дагы кимдер болгон? Сүрөт
04.07.2019Үй-бүлөсү менен Көкөмеренге кулаган Молдакун Абдылдаевдин небересинин денеси табылды
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×