Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуСокулук району 05.07.2019 15:35

Ойноштук тууралуу ушак: Депутат менен шектүүнү элдештирүү аракети көрүлүүдө

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ушул жылдын 24-июнунда Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылдык кеңешинин депутаты Алмахмат Жороев топ балдардын ур-токмогуна кабылгандан кийин аймактык ооруканага жеткирилген. Андан кийин Сокулук РИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын негизинде депутатты ур-токмокко алууга шектелип 38 жаштагы М.З. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

Шектүүнүн иниси Адылбек Муратовдун айтымында, агасы үй камагына чыккан.

«Биздин байкебиз үй камагына чыкты. Учурда айрым адамдар эки тарапты элдештирүү аракеттерин көрүп жатышат. Чүй облустук казыятынан айылдагы мечиттин имамына «бул ишти жапкыла, элдештиргиле» деп айтышыптыр. Ошентип жарашуу маселеси боюнча чогулдук. Бирок экинчи тарап депутатка кеткен чыгымдын жарымын төлөп бергиле деп айтышты.

Бир үй-бүлө бузулду, балдар жетим калды. Депутаттын күнөөсүн жалпы айыл эли билет. Баары бетине эле айтышкан. Эгерде анын күнөөсү жок болсо, менин агам жөндөн-жөн эле сабаса, анда биз «агам күнөөсүн тартсын» демекпиз. Бардык чыгымды төлөмөкпүз. Бул жерде ушундай абалга депутат өзү жеткирди. Эгер чын эле агам күнөөлүү болсо, булар аягына чейин чуркап, соттотуп жиберишмек.

Бул шартка көнгөн жокпуз. Биз акыйкат чечимди күтүп отурабыз», - деди ал.

------------------------------------------------------------

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 24-июнда Сокулук РИИБдин Жаңы-Жер айылындагы аймактык милиция бөлүмүнө Төмөнкү Чүй айылында бир нече жаш балдар жергиликтүү тургунду ур-токмокко алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт боюнча ыкчам тергөө тобу чыккан.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине 22 жаштагы жергиликтүү тургун А.Т. арыз менен кайрылып, 48 жаштагы атасын (Ж.А.) топ балдар сабап кеткендигин, жабырлануучу райондук аймактык ооруканага жеткирилгендигин билдирген.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иштер башталган.

Сокулук РИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын негизинде 38 жаштагы М.З. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Ал сурак учурунда болжол менен 4 ай мурун өзүнүн аялы менен жабырлануучунун ортосундагы мамилени билип калып, аялы менен ажырышкандыгын билдирген. Ушул 4 ай аралыгында үй-бүлөлүк маселенин айынан аталган эки ​​ тургундун ортосунда кайым айтышуулар болуп келген. 24-июнда болжол менен саат 19:30 чамасында айылдагы көчөлөрдүн биринде жолуккан жабырлануучу менен шектүү кайым айтышып, андан соң 38 жаштагы М.З. 48 жаштагы Ж.А.нын денесине залал келтирген.

Кармалган тургун Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Азыркы тапта милиция кызматкерлери аталган окуяны объективдүү иликтөө үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Буга чейин депутаттын агасы Аскат Жороев да, шектүүнүн иниси Адылбек Муратов да аймактык кабарчыга аталган окуя боюнча өз версияларын айтып беришкен.

Адылбек Муратов депутат шектүүнүн аялын коркутуп, жакын мамиле түзүп келген деп билдирген. Ал эми Аскат Жороев бул пикирди четке каккан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×