Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуКемин району 06.07.2019 15:39 На русском

Уюн куткарам деп каналга түшүп кеткен жигитти көргөндөр: Суудан башы эле чыгып… Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Сасык-Булак айылындагы сугат каналына түшүп кеткен жигит куткарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 5-июлда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 100-чакырымында 1991-жылы туулган жигит уюн суу агуучу каналдан чыгарам деп жатып өзү түшүп кеткен. Окуя болгон жерге Кемин райондук №5 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу барып, аталган жигит куткарылды.

Жабырлануучу Кемин райондук аймактык ооруканасына жеткирилген, абалы канааттандырарлык.

«Бул бала уюн ошол тарапка жайып, кайтарып жүргөн. Ал жерде сугат каналы бар. Уй ошол жерден суу ичем деп кирип кетип, кайра чыга албай калган. Аны тигил бала аркан менен тартып чыгарам деп өзү түшүп кетти. Каналдарда сууну бөлүштүрүү үчүн жапкычтар болот. Бала ошол жапкыч менен уйдун ортосуна кыпчылып калды. Жанындагы кишилер чыгарууга аракет кылышты. Бирок, натыйжа болбой куткаруучуларды чакырышты. Куткаруучулар келип, алгач уйду чыгарышты. Антпесе бала чыга алмак эмес. Андан кийин баланы чыгарышты. Уй болсо ошол жерден эле өлүп калды.

Бала аябай тоңуп калган экен. Себеби, суудан башы эле чыгып, денеси каналда эле», - деди күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×