Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусу, Токмок 04.07.2019 17:31 На русском

Токмокто жалгыз бой эненин үйү өрттөнүп, 3 баласы менен көчөдө калды. Видео

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы турак үй толугу менен күйүп кетти. Үйдүн ээси — жалгыз бой Ольга Евсюкова аймактык кабарчыга билдиргендей, окуя 2-июлда болгон.

Ал үч баланын энеси.

«Мен үйлөрдү сырдап, жыйнап, актап, убактылуу жумуштарда иштейм. Үй өрттөнгөн маалда жумушта болчумун. Мага кабарлаганда дароо үйгө келдим. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүп жатышыптыр. Бардык эмеректер, документтер күйүп кетти. 3 балам менен көчөдө калдык. Балдарымдын улуусу 10 жашта, экинчиси 8 жашта болсо, кичүүсү 2 жашта. Бул үй мага чоң ата, чоң энемден калган. Азыр менин эч кимим жок», - деди ал.

Кошуналары аталган үй-бүлө идиш-аяк, үй эмеректерине, муздаткычка, кийим-кече, азык-түлүккө муктаж экендигин айтышты.

«Үчүнчү кызы боюнда бар кезде күйөөсү жумушка кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес», - деди тургундар.

Жабырлануучуга жардам берем дегендер 0558 38 57 35 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×