Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусу, Токмок 04.07.2019 09:33 На русском

Токмоктогу үйлөнүү тойдон кийинки уулануу: Бейтап окуянын чоо-жайын айтып берди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Токмок шаарындагы үйлөнүү тойдон кийин уулангандардын саны 82 адамга жетти. Анын ичинен 73 адам ооруканага жаткырылганын Ысык-Ата районундагы башкы дарыгер Улугбек Бектурганов билдирген эле.

Буга чейин үйлөнүү той «Мегаполис» кафесинде 29-июнда өтүп, 67 адам ууланганын Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу борбору жана Чүй облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан билдиришкен.

Башкы дарыгердин айтымында, ууланган бейтаптар ар кайсы облустардагы ооруканаларга кайрылган.

«Тамак-ашка уулануунун белгиси менен жалпы 82 адам кайрылып, анын ичинен 73 адам ооруканада калтырылды. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат. Мүмкүн түштөн кийин үйүнө чыгарылат», - деген У.Бектурганов.

«Мегаполис» кафесиндеги үйлөнүү тойго жалпы 256 адам катышкан.

Аймактык кабарчы тойго катышкандардын бири менен жолугуп, окуя тууралуу сурады. Атын атоодон баш тарткан бейтап учурда суудан башка эч нерсе ичпей жатканын белгиледи.

«Той 29-июнда болду. Болжол менен тойго 250дөн ашык киши барды. Той бүткөндө столдун үстүндөгү тамак-аштын баарын алып кеткенбиз. Мен негизи кебабдан көрүп жатам. Анткени салат жеген эмесмин. Кафенин ичи да ысык болчу. Тейлеген кыздарга «кондиционер сайгыла» десек, «кафенин ооз жагында эле бар» деп коюшкан. Суусундуктарынын баары жылып калган болчу. Кээ бир салаттар ошондо эле жаман экен деп жатышкан. Азыр сураштырсам, тойдон чыккандын баары эле оорушуптур.

Той ээлери бир жума мурун Кочкорго барып, кызга сөйкө салып алып келишкен. Андан кийин үйлөнүү той өткөрүштү.

Азыр бизге суу жана кайнатылган күрүчтү эле берип жатышат. Башка тамак-аштарды жебей тургула деп айтышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×