Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуЖайыл району 02.07.2019 12:21 На русском

Кожомкулдун 130 жылдыгы: 630 килограммдык таштын бир учун көтөрүп, унаа уткан Келдибек деген ким?

Turmush -  29-30-июнь күндөрү Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Каракол жайлоосунда Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип, анын алкагында спорттук мелдештер уюштурулду.

630 кг салмактагы ташты көтөрүү мелдешинде (таштын бир учун көтөрүү) 26 жаштагы Келдибек Атайбеков 1-орунду алды. Ал буга чейин таш көтөрүү боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Келдибек Атайбеков Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнүн Казарман айылында туулган.

«Орто мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы агрардык колледжинде окуп, андан кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алдым. Машыктыруучу факультетин бүтүрдүм.

Спортко аралашканыма 7 жылдай болду. Азыркы учурда күч экстрими менен машыгып, таш, унаа көтөрүп жатабыз. Жазында Бириккен Араб Эмирлигинде этнофестивалда 120 кг салмактагы ташты көтөрүп басуу боюнча мелдеш өттү. Ага 32 мамлекеттин балбандары катышты. Украинадан келген эң чоң 197 кг салмактагы балбанды утуп алдым. Ал 120 кг салмактагы ташты 105 метр аралыкка чейин көтөрүп басса, мен 110 метр аралыкка көтөрүп бастым. Мына ушундай дүйнөлүк чемпионаттарда көп ийгиликтерди жаратып, 42 мамлекеттин ичинен 2-орунда турабыз.

Негизи эле оор атлетика менен машыгып келебиз. Бул таш көтөрүү, таяк тартышуу баары бири-бири менен байланыштуу», - деди ал.

Мааракеде 1-орунду алган Келдибек «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа менен сыйланды.

«Ал эми Кожомкул атабыздын 130 жылдык мааракесинин алкагында өткөн таш көтөрүү мелдешине өз күчүбүздү сынап көрөлү деп катышып, «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунааны утуп алдым. Башында Кыргыз күрөш федерациясынын президенти сунуш кылып, дароо макул болгом. Себеби, абдан кызыктым. Бирок 630 кг салмактагы ташты көтөрөм деген ой болгон эмес. Биз мындай таштын жарымынын жарымын гана көтөрөбүз. Бул ирет 5 эсе оор салмактагы ташты көтөрдүм. Таш көтөргөн учур мен үчүн абдан маанилүү болду. Себеби, ажобуздун, кыргыз элимдин астында Кожомкул атабыз көтөргөн ташты көтөрдүм. Ажобуз дагы кыргыздын жаштарынан ушул балбандын ташын көтөргөн бирөө чыгар бекен деп ойлосо керек», - деди ал.

Балбан 15 мамлекетке чейин барып, ийгиликтерди жараткан. Спорттун оор атлетика, пауэрлифтинг, бодибилдинг, мас-рестлинг деген түрлөрү менен машыгып, пауэрлифтинг боюнча рекордчу, бодибилдинг боюнча Орто Азия чемпиону, мас-рестлинг боюнча III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алтын медаль алган. Ошондой эле таш көтөрүү боюнча дүйнөнүн чемпиону болгон.

Келдибек Атайбеков 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×