Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 30.06.2019 20:28 На русском

Кожомкулдун 130 жылдыгы: 630 кг салмактагы ташты көтөрүү мелдешинде жеңүүчүлөр аныкталды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 30-июнда Суусамыр өрөөнүндөгү Каракол жайлоосунда белгиленип жаткан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесинин алкагында таш көтөрүү боюнча мелдеш өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, мелдешке катышкан балбандарга 2 мүнөт убакыт берилди. Бул убакыттын ичинде таш көтөрүү боюнча дүйнөлүк чемпион болгон Атайбек уулу Келдибек 630 кг салмактагы ташты 4-5 сантиметрге көтөрүп, 1-орунду алды. Жеңишке жеткен балбанга автоунаа тапшырылды.

Ал эми мелдештин экинчи катышуучусу — Талас облусунан келген Нураков Равил 630 кг салмактагы ташты 2 сантиметрге көтөрүп, 2-орунга ээ болуу менен байгеге жылкы алды.

Ошондой эле, ташты 1,8 сантиметрге көтөргөн Талас облусунан келген Курманкулов Нияз 3-орунду ээлеп, 20000 сом менен сыйланды.

Ташты 1 сантиметрге көтөргөн Кенешбеков Бектур 4-орунду алып, 10 миң сом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×