Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЧүй району 29.06.2019 12:01

Өткүн өтүп, күн күркүрөйт, — 30-июнга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 30-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +16… +21,
күндүз +31… +36,

Талас облусунда

түнкүсүн +13…+18,
күндүз +30… +35,

Баткен облусунда

түнкүсүн +17… +22,
күндүз +31… +36,

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +17…+22,
күндүз +31… +36,

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +10… +15,
күндүз + 24… +29,

Нарын облусунда

түнкүсүн +8…+13,
күндүз +24…+29 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн +19…+21 градус, күндүзгү +34…+36 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×