Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 27.06.2019 09:52

Айыл турмушу: «Жыл мугалими-2019» райондук сынагында баш байгени алган Э.Каратаева

Turmush -  Сокулук районунун 31 жаштагы тургуну Элиза Каратаева мугалимдик кесипти аркалап жатканына 4 жылдын жүзү болгон. Бул аралыкта көптөгөн ийгиликтерди багындырган. Аймактык кабарчы райондун «Жыл мугалими-2019» наамын жеңип алган мугалим менен таанышты.

«2019-жыл мен үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Алгач мектеп ичиндеги «Жыл мугалими» сынагында баш байгени жеңип алдым. Андан соң Сокулук району боюнча өткөн сынакта да жеңүүчү болдум. Облустук сынакта «Эң мыкты сабак» деген номинацияга ээ болуп, грамота менен сыйландым. Ошондой эле Крупская айыл өкмөтү тарабынан ардак грамота тапшырылды. Мен үчүн бул сыйлыктар баа жеткис. Мындай иш-чаралардын өтүшү мугалимдик кесиптин баалуулугун көтөрүп, бизге окшогон жаштардын ишине дем-күч берет деп ойлойм.

Иш үстүндө көп эле кызыктуу окуялар болот. Анткени балдардын жан дүйнөсү ушунчалык таза, ар бир күн кызыктуу өтөт. Акыркы эсте калган окуя «Жыл мугалими» сынагында болду. Анда мен тааныбаган мектепке барып, окуучуларга сабак өттүм. Ошол окуучулар сабак бүткөндөн кийин мага келип, «сиз бизге абдан жактыңыз. Сабагыңыз сонун болду. Биздин мектепте иштебейсизби» деп айтышты. Алар мени кучактап сүрөткө түшкөндө өзүмдү бактылуу сезип кеттим. Дагы бир жолу кесибим менен сыймыктандым. Мен үчүн ал күндөр жакшы көз ирмемдер менен эсте калды», - деди жаш мугалим.

Ал 2010-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

«2005-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетине барып, 2010-жылы филолог адистигине ээ болдум. Эмгек жолумду Шопоков шаарынын №2 гимназиясынан баштагам. Учурда Сокулук №2 орто мектебинде иштеп жатам. Жалпы эмгек стажым 4 жыл.

Мугалимдик кесипти тандоого өзүмдүн кызыгуум себеп болду. Анан албетте, ата-энемдин колдоосу менен максатыма жеттим», - деди мыкты мугалим.

Элиза Каратаева Нарын облусунун Жумгал районунда 1988-жылы 10-февралда жарык дүйнөгө келген.

«Атам Таяныч Каратаев кесиби боюнча инженер. Учурда айыл өкмөт башчысы. Апам Тамара Ташкеева кесиби боюнча бухгалтер. Беш бир тууганбыз, мен жалгыз кызмын. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Эки кыз, бир уулум бар.

Бош убактымда китеп окуйм. Волейбол ойногонго абдан кызыгам. Кесиптештер менен ойноп калабыз. Келечекте өз кесибимдин мыкты устаты болсом дейм. Кыргызстаныбыздын атын чыгарган татыктуу инсандарды тарбияласак деген аруу тилегим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×