Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 25.06.2019 12:57

Чүйдө социалдык мекемелер арасында спорттук мелдеш уюштурулду

Turmush -  Чүй облустук социалдык станционардык мекемелердин кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Серафимовка социалдык станционардык мекемесинин эмгек инструктору жана маданият кызматкери Назгүл Сейталиева билдирди.

Анын айтымында, аталган мекеменин эркектер жана кыз-келиндер командасы волейбол боюнча мелдеште 3-орунду камсыз кылышты. Ал эми чуркоо боюнча эки команда тең 1-орунду багындырышты.

Аталган мелдешке Социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери, Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук, Токмок шаарындагы, Кемин районундагы социалдык станционардык мекемелердин эмгек жамааттары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×