Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуАламүдүн району 24.06.2019 17:03

Аламүдүндүн тургуну А.Гончаренко Ысык-Көлдөгү таяк тартыш мелдешинде 1-орунду алды

Turmush -  2019-жылдын 19-июнунан 23-июнуна чейин Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүндө Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Дени сак улут – өнүккөн өлкө» урааны менен республикалык спартакиада өттү.

Таяк тартыш боюнча мелдешке Чүй облусунан 8 спортчу катышып, анын бирөө 1-орунду, экөө 2-орунду, дагы 2 спортчу 3-орунду алып келишти.

«Эркектер арасындагы мелдешке Темирлан Бейшенов (70 кг), Адилет Аскарбеков (80 кг), Акылбек уулу Эржан (90 кг), Алишер Абакиров (+90 кг) барса, кыз-келиндер арасындагы мелдешке Гүлжамал Дүйшекеева (60 кг), Акбермет Молдошева (70 кг), Таалайбек кызы Назима (80 кг), Анна Гончаренко (+80 кг) катышты.

Булардын ичинен Аламүдүн районунун Арашан айылынын 33 жаштагы тургуну Анна Гончаренко 1-орунду камсыздады. Ошондой эле Акылбек уулу Эржан, Темирлан Бейшенов 2-орунду, Таалайбек кызы Назима, Адилет Аскаралиев 3-орунду камсыздашты», - деди машыктыруучу Эмил Мүсүралиев.

Аталган таяк тартыш мелдешине республика боюнча 54 спортчу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×